Министр Амангелдиев Кабулда "Талибан" өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту

Данияр Амангелдиев баштаган кыргызстандык делегация жана Ооганстандын Талибан өкмөтүнүн министри Амир Хан Муттаки баштаган өкүлдөрү. Кабул. 24-январь, 2024-жыл.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ооганстанды башкарып жаткан "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен 24-январда, Кабул шаарында жолукту.

Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык алакасын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланганын билдирди.

"Амир Хан бийик тоолуу аймактарда жашаган жана Герат провинциясындагы катуу жер титирөөдөн жапа чеккен ооган элине Кыргызстан жиберген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Кыргызстан былтыр Ооганстандын Герат провинциясында жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн дээрлик 135 тонна гуманитардык жардам жиберген.

2021-жылдын август айында Ооганстандын бийлигин “Талибан” радикалдык кыймылы басып алган. Кыймыл дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да, тыюу салынган уюмдардын тизмесинде.

Жакында Казакстандын бийлиги “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарган чечим кабыл алганы белгилүү болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат Ашимова кыздардын медреселерин текшерүүгө чакырдыДепутаттын этикасы: жүрүм-турумду тескеген кодекс керекпи?ЖАМК абактагы кыйноо тууралуу билдирүүлөр иликтенип жатканын билдирди Зеленский Орусиядагы учак кырсыгын эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылат