Украина бүгүн Орусия менен туткун айырбаштоо пландалганын ырастады

Окуя болгон жер.

Украина Орусия менен бүгүн 24-январда аскердик туткундарды алмашууну пландаганын «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна украин Башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов билдирди.

«Бүгүнкүгө пландалган алмашуу азырынча боло электигин айта алам», – деди ал.

Юсов Орусиянын расмий органдарынын Белгород облусунда кырсыкка учураган Ил-76 аскердик-транспорттук учагында украиналык туткундар ташылып баратканы тууралуу билдирүүлөрү азыр текшерилип жатканын айтты.

Украинанын аскер туткундарынын маселеси боюнча координациялык штабы өлкөнүн тийиштүү мекемелери бардык маалыматтарды териштирип жатканын кабарлады.

Жогорку Раданын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитрий Лубинец журналисттерди жана украин жарандарын «шашылыш тыянак чыгарбай коё турууга, расмий гана маалыматтарды угууга» чакырды.

«Мен окуянын бардык деталдарын териштирип, тактап, анализдеп жатам… Душман айлакер. Орусия украин коомчулугун дүрбөлөңгө салыш үчүн өтө оор ыкмыларды колдонушу ыктымал экенин баарыбыз билебиз. Чагымга алдырбагыла», – деп жазды ал Telegram баракчасына.

Орусия украиналык аскер туткундары ташылып бараткан учагынын ичиндегилердин баары мерт кеткенин билдирүүдө. Окуя болгон Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков «Корочанский районунда транспорттук учак кыйрады. Ал калктуу пункттан алыс эмес жердеги талаага кулап түштү. Ичиндегилердин баары каза болду» деп Telegram аркылуу билдирди.

Орусияда 24-январда украиналык туткун аскерлерди алмаштыруу үчүн ташып бараткан учак кырсыкка кабылганын орус Коргоо министрлиги маалымдаган.

Мекеме билдиргендей, окуя Белгород облусунда болду. Ил-76 учагынын ичинде украиналык 65 туткун жана Орусиянын тогуз жараны (экипаждын 6 мүчөсү жана коштоочу 3 киши) бараткан.

Жергиликтүү басылмалар жарыялап жаткан видеолордон жана сүрөттөрдөн кулап бараткан учактан кийинки жарылууну, түтүн чыгып жаткан жерди аскер кызматкерлери курчап турганын көрүүгө болот.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков азырынча эч кандай комментарий бере албай турганын, себеби маалымат чогултуу жүрүп жатканын айтты.

«Украинская правда» басылмасы Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү булактарына таянып аталган учакты украин аскерлери атып түшүргөнү, себеби аны менен Орусия С-300 системаларын ташып баратканы тууралуу маалымат жарыялаган. Кийин ал кабарды өчүрүп койгон.

Андан мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги ошол аймакта учкучсуз учакты атып түшүргөнүн маалымдаган.

Дагы караңыз

11 журналист 10 күндөн бери убактылуу кармоочу жайда отурат Украин туткундарын ташып баратканы айтылган учактагылардын баары мерт кеткени кабарландыКечки Азаттык (1-чыгарылыш) Камалган 11 журналисттин жакындары бийликке кайрылды