Аба ырайы: тоолуу аймактарда -30 градус суук болот

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 25-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-январда кечке жакын Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;

Баткен,Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 7…12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус болот.

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, ал эми күндүз 0...-5 градус болот.

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25...-30, күндүз -6...-11° градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кечинде 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 9…11 градуска чейин жогору болот.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Абактагы Дүйшөбаев басым болуп жатканын айтты Президент артка кайтарган мунапыс берүү мыйзамы парламентте кайра каралдыБишкекте эки жаңы автобус каттамы ачылдыКемпир-Абад иши: абактагы Махмудов кыйноого кабылганын айтып чыкты