Гамбург соту Forbes журналына Усмановдун Путин менен байланышы тууралуу маалыматты таратууга тыюу салды

Орусиянын президенти Владимир Путин жана ишкер Алишер Усманов

Гамбург соту америкалык Forbes журналына орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун орус президенти Владимир Путин менен байланышы тууралуу маалыматты таратууга тыюу салды.

EU Today басылмасы кабарлагандай, сот журналдын макаласындагы бир нече сүйлөмдү "адамдын аброюна шек келтирген маалыматты таратуу" деп тапты.

Буга чейин Усмановдун адвокаттары Европа биримдиги (ЕБ) миллиардерге санкция салганда Forbes журналынын 2022-жылы жарыяланган макаласындагы ырасталбаган билдирүүлөргө шилтеме кылганын белгилешкен. Алардын айтымында, кеп "Украинага байланыштуу Байдендин санкциясына кабылышы мүмкүн болгон Путиндин олигархтары менен таанышып алыңыздар" деген макаладагы анонимдүү эксперттин "Усманов бир нече жолу Путиндин абийирин жаап, анын бизнес-көйгөйлөрүн чечкен" деген сөздөрү жөнүндө болууда.

EU Today жана РБК басылмалары белгилегендей, сотто Forbes макаладагы анонимдүү эксперттин аты-жөнүн ачыктоодон баш тартып, Усманов Путиндин көйгөйлөрүн чечкен учурларын көрсөтүп берген эмес.

Макалада мисал катары 2006-жылы Усмановдун "Мегафон" уюлдук операторунун акцияларын сатып алганы көрсөтүлгөн. Анда олигарх Путиндин досу, байланыш министри Леонид Реймандын компаниядагы үлүшү тууралуу коомчулукка белгилүү болуп калгандан кийин анын акцияларын сатып алганы айтылган. Гамбург соту журналга макаладагы ушул пикирди да таратууга тыюу салды.

Forbes соттун бул чечими боюнча комментарий бере элек. Учурда аталган макала журналдын сайтында мурдагы калыбында турат.

Усманов ушуну менен өзүнүн Путинге жакындыгы бардыгын жазган ЖМКларды сотко берип, экинчи ирет утуп чыкты. 2023-жылы августта Гамбург соту австриялык Kurier гезитин макаласындагы "Путин Усмановду жакшы көргөн байлардын бири деп атаганы" тууралуу маалыматты далилдей алган жок деген чечкен. Көп өтпөй Евробиримдик санкциялык тизмеге киргизилген орусиялык миллиардерлерди олигарх деп атабай калган.

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов дүйнөдөгү бай адамдардын бири. Кезинде Forbes журналы анын байлыгын 14,4 миллиард долларга баалаган.

Дагы караңыз

Ош: Шектүү төрт жолу кармалып, төрт жолу эркиндикке чыккан Беларуста "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналистине иш козголду "Жер титирөөдөн коргонуу үчүн сапаттуу үй-жай салуу керек"Нью-Гэмпширде президенттикке талапкерлердин праймеризи өтүп жататКытайлык кыргыздар: Түнү менен от жагып, короодо таң атырдык