Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Нью-Гэмпширде президенттикке талапкерлердин праймеризи өтүп жатат


Нью-Гэмпшир. 2024-жылдын 23-январы.
Нью-Гэмпшир. 2024-жылдын 23-январы.

Бүгүн 23-январда АКШнын Нью-Гэмпшир штатында Республикачылар жана Демократтар партияларынан президенттикке талапкерлерди баштапкы шайлоо (праймериз) өтүп жатат.

Нью-Гэмпшир – 1,5 миллион калкы бар чакан штат, бирок «Америка добушу» радиосу белгилегендей, андагы добуш берүүнүн жыйынтыгы адатта жалпы шайлоого кыйла таасирин тийгизип келет.

Республикачыларда ат салышып жаткан эки талапкери калды. Мурдагы президент Дональд Трамп Айова штатында 15-январда өткөн баштапкы добуш берүүдө ишенимдүү жеңишке жетишкенден кийин Нью-Гэмпширде да лидерлигин сактап калууну көздөөдө.

Түштүк Каролинанын экс-губернатору, Бириккен Улуттар Уюмундагы мурдагы элчи Никки Хейли жекшемби күнү Флориданын губернатору Рон Десантис шайлоо өнөктүгүн токтотуп, Трампты колдоп чыккандан кийин республикачылар үчүн Трампка башкы атаандаш болууга үмүттөнүүдө.

Хейли өзүнө Трамптын Ак үйгө кайтышына жол бербеш керек деген пикирди бекем карманган шайлоочуларды үгүттөп жатат. Азырынча белгилүү республикачылардын дээрлик баары Трамп тарапка өтүп турушат, ал эми Нью-Гэмпширде жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы бул штатта ал Хейлиден озуп турганын көрсөтүүдө.

Washington Post-Monmouth University жүргүзгөн сурамжылоо республикачылардын праймеризине катышуу ниетин билдиргендердин 52% Трампты, ал эми 34% Хейлини колдой турганын айгинеледи.

Азыркы президент Жо Байден Нью-Гэмпширдеги праймеризге катышпай турган болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG