23-январга оогон түнү очогу кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде болгон жер титирөөдө термелүү катуу сезилген көп кабаттуу үйлөр, турак жайлар текшерилиши керек. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.
Канат Абдрахматов: Түн ичинде, 00:09да Кыргызстандын аймактарында катуу жер титирөө сезилди. Анын очогу Кытайда, кытай-кыргыз чек арасынын жанында болду. Очогунда күчү 8-9 баллга жеткен силкинүүлөр катталды. Ысык-Көлдө, Караколдо күчү 4,5-5 баллга жеткен силкинүү катталды. Кажы-Сайда, Тоңдо, Ак-Теректе деле 4,5-5 баллга чейин жетти. Бишкекте болсо 3-4 баллга жеткен силкинүүлөр болду. Бирок шаардын тынчсызданган айрым тургундары "бизге 6 баллдай сезилди, силер туура эмес маалымат берип жатасыңар" деген имиштерди чыгарды. Чынын айтканда, айрым көп кабаттуу үйлөрдүн силкинүүсү 6 баллга жетиши мүмкүн деп айта алабыз. Жогорку кабатта жашагандар жер титирөөнү башкача сезет. Ошол эле маалда жер тамдарда жашаган айрым жарандар "бул жер титирөөнү такыр эле сезген жокпуз, иттерибиз деле үрүп, тыбырчылап белги деле берген жок" деп жазып жатышат. Көп кабаттуу үйлөрдө жашагандардын тынчсыздануусу түшүнүктүү. Бирок алардын жер титирөөнүн баллы жогору болду деген маалыматы туура эмес. Бул жер титирөө Тянь-Шань кырка тоолору менен Тарим ойдуңунун чек арасында болду. Бул аймакта чынында жыл сайын көп жер титирөө болот. Бирок биз так маалыматты билбейбиз. Анткени Кытайдын аймагында болду. Биздин Кытайдын сейсмикалык тармактары менен байланышыбыз жок. Ошондуктан ал жактагы жер титирөөнүн кесепеттери кандай, жараат алгандар, каза тапкандар болдубу деген маалымат бизде жок.
Дагы караңыз Түндөгү жер титирөөнүн кесепетин аныктоо иштери жүрүүдө
"Азаттык": Сиз буга чейинки маектериңизде Кыргызстандын аймагында катуу жер титирөө болот деген божомол жок экенин айтып келгенсиз. Бул божомол канчалык так? Өлкөдө канча сеймикалык станция бар?
Канат Абдрахматов: Соңку жер титирөө Кытайда болуп, ал жактан бизге катуу сейсмикалык толкундар келди. Ошол толкундардын айынан кээ бир үйлөрдө майда-майда жаракалар кетти. Бизде учурда өзүбүздүн Сейсмология институтуна караштуу 19 станция бар. Андан тышкары дагы он станция жайгашкан. Алардын көлөмү, кубаттуулугу так, туура маалымат алганга жетиштүү.
"Азаттык": Ошол станциялардан коңшу өлкөдө катуу жер титирери, анын толкуну Кыргызстанга да жетери тууралуу белги болгон жок беле?
Канат Абдрахматов: Так белги болгон жок. Так белги алыш үчүн көп жылдык мониторинг өткөрүшүбүз керек.
"Азаттык": Сиз буга чейин Ош сейсмикалык жактан активдүү аймак экенин айтып келгенсиз. Учурда дагы кайсы региондорго көңүл бурулушу керек?
Канат Абдрахматов: Кытайдагы жер титирөө Кыргызстанга кандай таасир берет деген суроолор мага көп берилип жатат. Биринчиден, ал Ысык-Көл облусуна таасир бериши мүмкүн. Себеби бул аймак ошол жер титирөөнүн очогуна эң эле жакын. Экинчиден Чүй облусу, андан кийин Ош менен Баткен облусунда сезилиши мүмкүн. Жер титирөөлөр болушу мүмкүн, аны болбойт деп айта албайбыз. Бирок жер титирөөлөрдүн күчү, кубаттуулугу, интенсивдүүлүгү чоң болот деп айта албайбыз. Дагы бир жолу кайталап кетейин: бүгүнкү күндө бизде андай так маалымат жок.
"Азаттык": Катуу жер титирөөнүн кесепетин алдын алуу үчүн элди агартуу керек деп айтып келесиз. Бул жаатта кандай иштер жасалышы керек? Соңку жер титирөөдө көбү дүрбөлөңгө түшүп, алдастап калды да.
Канат Абдрахматов: Жер титирөө болгондон кийин мен өзүм түнкү саат 12ден 4кө чейин социалдык тармактарды акмалап отурдум. Телефондон жооп берип жаттым. Ошол жерден мен жакшы көрүнүштү байкадым. Социалдык тармактарда жер титирөө болгондо адам өзүн кантип карманышы керек деген сыяктуу суроолорго жооптор аябай көп болду. Активдүү жарандар башка булактардан алып ошондой маалыматтарды берип жатышты. Өзүңөр билгендей, мен буга чейин жер титирөө болгондо эмне кылуу керек, үйлөрдү кантип куруу керек деген нерселерди көп айтып келгем. Эми дагы башка жарандардын ушундай маалыматтар менен бөлүшө баштаганын көрүп кубанып калдым. Ошол эле маалда соцтармактарда 03:37де дагы жер титирөө кайталанат деген сыяктуу маалыматтар чыгып, менден ушуну сурап жатышты. Мени ушул нерсе аябай тынчсыздандырды. Анткени биздин эл абдан ишенчээк экен. Ушундан улам мага саат 4кө чейин "жер титирөө болобу" деп кайрылгандар көп болду. Аны эч ким билбейт деп аларга лекция окуганга аргасыз болуп жаттым. Соцтармактарда ошондой жалган маалымат тараткандар болду.
"Азаттык": Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирегенден кийин маалымат таратып, жарандарды коопсуз жерде болуп турууга чакырды. Ошол эле маалда Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри жер кайра титиребесин айтып, жарандар дүрбөлөңгө түшпөсү керектигин айтты. Алар сиздер берген маалыматка таяныштыбы?
Канат Абдрахматов: Жер титирегенден көп өтпөй, эки мүнөттөн кийин эле мага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Караколдогу күзөттөгү офицери чалып, "дүрбөлөң болуп жатат, кандай кеңеш бересиздер" деп сураган. Мен ошондо эле катуу жер титирөө Кытайда болгонун, кайталанбасын айткам. Ошол маалыматты ал жетекчилигине айткан болушу керек. Анан министр чыгып, жер титирөө дагы болбосун айтып, элди тынчтандырды.
"Азаттык": Айрыкча былтыркы Түркиядагы катуу зилзаладан кийин Кыргызстандагы курулуштардын сапаты тууралуу маселе көтөрүлгөн. Аны текшерүү үчүн атайын комиссия дагы түзүлгөн, тапшырмалар берилген. Сиздер ушул багытта кандай иштерди жасадыңыздар? Түндөгү жер титирөө айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн сапатына байланыштуу маселени кайра козгоду.
Канат Абдахматов: Жер титирөө маалында люстралар чайпалып жаткан, жарака кеткени тартылган видеолор чыкты. Сиз айткан комиссияга мен дагы мүчөмүн. Эми ошол комиссия жер титирөө катуу сезилген үйлөрдү, турак жайларды таап, изилдеши керек. Кээ бир үйлөрдө жарака болду. Менимче ал туура эмес курулган үй болуш керек. Кээ бир үйлөр бир топ эле чайпалды, люстрасын карасаңар 9 баллга жеткендей жер титирөө болгондой сезилди. Ошол үйдүн менимче курулушунда бир нерсеси туура эмес болушу мүмкүн. Ошол үй туура эмес жерге курулуп калган же технологиясында кемчиликтер болушу мүмкүн деген белгини берип жатат. Ошол комиссия бүгүн-эртең бул жер титирөөнүн сабагын талдап, кароо үчүн чогулат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.