Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-январга караган түндө болгон жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо максатында жарандык коргонуу комиссиясын түздү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.
Маалыматка ылайык, жарандык коргонуу комиссиясы силкинүү катталган аймактарда, анын ичинде жер титирөөнүн күчү жогору болгон Каракол шаарында, Жети-Өгүз районунда жабыркаган имараттарды иликтеп жатышат.
"Жарандык коргонуу комиссиясынын бүгүнкү ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат кечирээк толук берилет", деп билдирди басма сөз кызматы.
Ошол эле кезде жердин силкинүүсүнөн Ысык-Көл облусунда үйлөргө зыян келгени тууралуу маалыматтар айтылууда. Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айылында сегиз турак жайдан жарака кеткенин айыл өкмөт башчысы Таалайбек Баякунов билдирди.
“Ак-Шыйрак Кытайдын чек арасына жакын жайгашкандыктан, жер титирөө катуу эле болуптур. Эртең менен аныкталгандай, сегиз үйдөн ар кандай жаракалар кетиптир. Азыр айыл башчы айылды кыдырып дагы тактап жатат. Мен облустук администрацияга маалымат бердим. Айылдагы жашоочулар сүрөт, видео салып жатышат”, - деди ал.
Социалдык тармактарда, айрым маалымат каражаттарында да Түп, Жети-Өгүз райондорунда, Караколдо үйлөрдө жарака кеткени жазылууда.
23-январга оогон түнү, саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Кыргызстандын ӨКМи силкинүү Жети-Өгүз районунун “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткенин, баштапкы маалыматтар боюнча андан кыйроолор жана жапа чеккендер жоктугун кабарлады.
АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 балл деп көрсөтүлдү. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болду.
Кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде болгон силкинүү Казакстанда, Өзбекстанда да сезилип, Алматы шаарында күчү 5 баллга, Ташкентте 3-4 баллга жеткени айтылды. (ZKo)
Дагы караңыз
Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды 300дөй куткаруучу издеп жататТүндөгү жер титирөөнүн кесепетин аныктоо иштери жүрүүдө Алматы: жер титирөөдөн кийин 44 киши ооруканага кайрылды24-январдын аба ырайы