Жалал-Абадда эки жыл мурун курулган муниципалдык базарда соода болбой, бирин-серин гана сатуучу калды. Көпчүлүк көнүп алган борбордук базардан соода кылып, жаңы базардын иши жүрбөй калганын айтып жатышат. Бир топ каражат менен курулган базарда миңге чукул орун бар эле. Соодагерлер четинен кетип олтуруп, азыр аз эле киши калган. Жергиликтүү бийлик кайрадан шаардын чет-жакасындагы “Тел-Тору” ат майданына базар куруу демилгелеп, шаардагы бир топ чакан базарлардын баарын жылдырарын билдирди.
Жалал-Абад: шаардагы жаңы базарда соода жок
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жалал-Абадда эки жыл мурун курулган муниципалдык базарда соода болбой, бирин-серин гана сатуучу калды. Көпчүлүк көнүп алган борбордук базардан соода кылып, жаңы базардын иш жүрбөй калганын айтып жатышат.