23-январь, саат 11:00ге карата Бишкекте түнкү силкинүүдөн жабыркаган имараттар катталган жок. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев журналисттерге билдирди.
"Бишкекте жер титирөөнүн күчү 4 балл болду, учурда биздин кызматкерлер андан жабыркаган имараттарды аныктап жатышат. Саат 11:00ге карата бир да имарат жабыркаганы аныкталган жок".
Орунтаев ошондой эле Ысык-Көлдөгү "Кыргызское взморье" санаторийинде жарака кетти" деп интернетте тарап жаткан тасма тууралуу да маалымат берип, андан эч кандай коркунуч жок экенин айтты.
Аталган санаторийде "акыркы табигый кырсыктан жарака кетти" деген маалыматтарды Ысык-Көл облустук мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси да четке какканын мамкурулуш агенттиги маалымдады.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-январда саат 8:00ге карай берген маалыматында түндө саат 00:09да Кытайдын аймагында магнитудасы 8 баллга жеткен жер титирөө катталганын жазды. Силкинүү Жети-Өгүз районунда жайгашкан “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткени кабарланды.
АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудасы 7 балл деп көрсөтүлдү. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болду.
Интернеттеги башка маалыматтарга караганда, силкинүүнүн очогу Кыргызстандын Кытай менен чектеш тилкесинде 23-январда саат 00:09да болду.
Силкинүү Казакстанда, Өзбекстанда да сезилип, Алматы шаарында күчү 5 баллга, Ташкентте 3-4 баллга жеткени айтылды.
Кыргызстандын аймактарында, айрыкча Ысык-Көл облусунда, Бишкекте жер катуу силкингени тууралуу кабарлар чыкты. Көпчүлүк тургундар силкинүүнүн кайталануусунан кооптонуп, короолорго, ачык жактарга чыгып турушканы, кабат үйлөрдө жашагандар жер тамда жашаган туугандарынын үйлөрүндө түнөшкөнү соцтармактарда жазылды.(ZKo)
Дагы караңыз
Сугатка бөлүнгөн акчаны менчиктеп алгандарга кылмыш иши козголдуЖК комитети “чет элдик өкүл” долбоорун экинчи окууда колдодуТүндөгү жер титирөөнүн кесепетин аныктоо иштери жүрүүдө Орус бийлиги оор кылмыш кылгандарды "кечирип", урушка салган Кыргызстанда бир жумада сасык тумоо менен 9 миңден ашуун адам кайрылды