22-январда Жогорку Кеңештеги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Керемет банктын” 97,45% акциясын Министрлер кабинетине сатуу боюнча мыйзам долбоорун карап, жактырды.
Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев мындай чечимге бардык банктардын ишмердигине көзөмөл жүргүзгөн Улуттук банктын “Керемет банкка” ээлик кылуусу кызыкчылыктар кагылышын пайда кыларын жана бул боюнча Эл аралык валюта фондунун сунушу негиз болгонун түшүндүрдү.
“Банктын акциялары Финансы министрлигинин атынан 84 млн. 770 миң 588 даана Кыргызстандын менчигине өтөт. Ал эми Улуттук банк 7 млрд. 126 млн. 432 миң сом өлчөмүндө акча алат”, - деди Бөкөнтаев.
Депутат Дастан Бекешев Улуттук банктын төрагасына кайрылып, “Керемет банкты” ачык сынак аркылуу сатыкка койбой, Министрлер кабинетине түз сатуу чечими эмнеден улам кабыл алынганына кызыкты. Ал мамлекеттин колунда учурда төрт банк бар экенин айтып, "бешинчини кошуп алууга канчалык муктаждык бар?" деп суроо салды.
Бөкөнтаев “Керемет банктын” өкмөт берилиши туура чечим болорун, аткаруу бийлигинин банкты өнүктүрүү боюнча пландары бар экенин белгиледи.
Өкмөттүн “Керемет банкты” Улуттук банктан сатып алуу боюнча мыйзам долбоору былтыр 27-декабрда Жогорку Кеңешке түшкөн.
Документтин маалымкат негиздемесинде Улуттук банктын “Керемет Банктын” акцияларына ээлик кылышы Улуттук банк жөнүндө конституциялык мыйзамдагы коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөө функцияларына дал келбей турганы жазылган.
Улуттук банк “Керемет Банкка” 2018-2020-жылдары 8 млрд 216 млн 574 миң сом инвестиция салганы айтылат. Ушул тапта банктын уставдык капиталы 8 млрд 698 млн 746 миң сом. Анын 97,45% акциясы Улуттук банкка, 0,74% Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттикке, 1,81% жеке адамдарга таандык.
Улуттук банк “Керемет Банктын” 97,45% акциясына 2018-жылдан бери ээлик кылат. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыялоо программасын да жүргүзө баштаган.
"Керемет Банк" өлкөдөгү мамлекеттик үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон “Азия Универсал Банктын” активдеринин негизинде "Залкар Банктын" түзүлгөн. 2013-жылы кыргыз-орус өкмөттөрү бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы "Росинбанк" деп өзгөртүлгөн.
2019-жылы "Росинбанктын" акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, аталышы “Керемет Банк” болуп түзүлгөн.
Дагы караңыз
Оккупацияланган Донецкиде базардагы жарылуудан каза болгондор 27ге жеттиЛомбард иши тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда Сузакта сабалган келиндин абалы туруктуу оор деп баалануудаОшто бала бакчанын жетекчиси пара берүүгө айыпталып кармалды