Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Оккупацияланган Донецкиде базардагы жарылуудан каза болгондор 27ге жетти


Денис Пушилин.
Денис Пушилин.

Украинанын Донецк аймагынын Орусия оккупациялап алган бөлүгүндөгү 21-январдагы жарылуудан каза болгондор саны 27ге жеткенин жергиликтүү бийлик билдирди. Москва дайындаган администрациянын башчысы Денис Пушилин дагы 25 адам жараат алганын, алардын экөө өспүрүм балдар экенин айтып, Текстильщик кичи районундагы «Меркурий» базарындагы бул окуя үчүн Украинаны айыптады.

Пушилиндин айтымында, артиллериялык соккудан дагы бир кварталда бир жай тургундун өмүрү кыйылды, ошентип, каза тапкандар 28 болду.

Өзүн Донецк республикасы деп жарыялап алган бул аймакта бүгүн 22-январь Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Украина Донецк аймагындагы бул окуяга тийшеси жоктугун айтууда. Фронттун ошол жерге жакын тилкесинде согушуп жаткан «Таврия» ыкчам-стратегиялык тобунун билдирүүсүндө «Биздин карамагыбызда турган күчтөр бул багытта аткылоочу каражаттардан күжүрмөн иш жүргүзүшкөн жок» деп айтылды.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Ал эми Донецк жана Луганск облустарынын айрым бөлүгүн өзүнө 2022-жылы каратып алган. Буга аталган аймактарда Орусиянын колдоосу менен уюштурулган референдум негиз болгону айтылган. Бирок аталган референдумдун мыйзамдуулугу алигүнчө талаш жаратып келет. 2022-жылы февралда Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаган, муну өзү «атайын операция» деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG