Ошто бала бакчанын жетекчиси пара берүүгө айыпталып кармалды

Интернетке жарыяланган видеодон алынган сүрөт.

Ош шаарындагы “Би-Би” балдар бакчасынын жетекчиси милицияга пара берүүгө айыпталып кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы 22-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери мекеменин ишмердигин текшерип жаткан. Буга бакчада балдарды атайын тарбиялоо программасына туура келбеген диний сабактарды башка улуттун кийимдерин кийгизип өтүп жатканы тартылган тасма негиз болгон.

Бала бакчанын жетекчиси 19-январда укук коргоо органдары текшерүү ишин токтотуусу үчүн Ош шаардык милициясынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерине пара сунуштаганы, 20 миң сом берип жаткан учурда кармалганы маалыматта айтылат.

Факты боюнча Ош шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 354-беренеси (“Пара берүү”) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүрүп жатат.

2022-жылы Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы бала бакчада балдардын Каабанын макетин айланып басканы тартылган видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан. Милиция бул окуяны териштирип, тасма бакчада Орозо айтка карата ажылык сапарында аткарылчу ибадаттар тууралуу ачык сабак учуурунда тартылганын билдирген.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.

Дагы караңыз

Сузакта сабалган келиндин абалы туруктуу оор деп бааланууда23-январда жаан-чачын болбойтСүлүктүдө милиция 14 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнү кармадыЖапырт кармоо: Абактагы Жээнбеков президентке кайрылды