Кыргызстанда 20 күн ичинде кызамык жугузгандар 500дөн ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкөдө кызамык менен ооруган 536 учур катталды. Аймактар боюнча алганда, эң көп оору жугузгандар Бишкек шаарында (177 учур), Жалал-Абад облусунда (130), Ош облусунда (75), эң азы Баткен жана Ысык-Көл облустарында (бештен), Нарын облусунда (3 учур) катталган.

  • 1 жашка чейин – 18;
  • 1-4 жаштагылар - 201;
  • 5-9 жаштагылар – 77;
  • 10-14 жаштагылар - 22;
  • 15-19 жаштагылар - 13;
  • 20-29 жаштагылар – 24;
  • 30 жаштан жогоркулар - 17 учур катталган.

Мекеме Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жыл башында Бишкек шаарында башталганын, Түркиядан жана Орусиядан жуктуруп келген учур катталып, алынган анализдерди изилдеп чыкканда, вирустун D8 генотиби аныкталганын маалымдады.

Былтыр оорунун 7046 учуру катталып, алардын 43,5% 1-4 жаштагы балдар түзгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын айткан. Мындан улам министрлик 17-январда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуулап, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүсүн суранды.

Акыркы эки жылда бул оорудан тогуз бала чарчап калган. Дарыгерлер кызамыктын кесепети оор болорун эскертип, ата-энелерди балдарды өз убагында эмдетүүгө чакырышууда.

2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамыкка каршы 750 миң доза вакцина алынып келген.

ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасына ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы 2022-жылга салыштырмалуу кескин өскөн.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө.

Дагы караңыз

Депутат Алимжанов мандат чыры боюнча Жогорку Сотко кайрылдыУКМК мыйзамсыз келген дары-дармек кармалганын маалымдады Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө улануудаБишкекте Ирандын кино күндөрү өтөт