УКМК мыйзамсыз келген дары-дармек кармалганын маалымдады

Мыйзамсыз ташылып келатканы айтылган дарылар салынган кутулар.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келаткан дары-дармектердин ири партиясы кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, 18-январда кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда "Вольво" үлгүсүндөгү автоунаадан 450 куту кымбат дарылар табылган. Документте айыл чарба буюмдары деп көрсөтүлгөн дарылардын баасы 50 миллион сомдон ашуун экени аныкталган.

УКМК бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн жана дарыларды мыйзамсыз ташууга катышы бар кызмат адамдарын аныктоо иши уланып жатканын маалымдады.

2023-жылдын октябрында Саламаттык сактоо министрлиги милиция менен бирге Бишкектин Ош базарында мыйзамсыз дары-дармек саткандарга каршы рейд жүргүзүп, бир нечесинин ишин токтоткон.

Мамлекеттик реестрде Кыргызстанга ташып келүүгө уруксат берилген 6 миңден ашуун дары-дармек катталган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн көп. Ал эми дарыканалар 3200дөн ашык. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан. (SE)

Дагы караңыз

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө улануудаАймактарда мектептерди кайтаруу маселеси чечиле элекПрезиденттин Баткендеги өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси үй камагына чыкты