Сүлүктүдө милиция 14 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнү кармады

Сүлүктү шаары

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы "Азаттыкка" билдиргендей, Сүлүктүдө жашы жете элек кыз зордукталды деген арызга байланыштуу иликтөө жүрүп жатат.

Сүлүктүнүн тургуну 14 жаштагы кызы 14-январга караган түнү зордукталганы тууралуу арыз жазган.

Шаардык милиция Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде сотко чейинки өндүрүштү баштап, шектүү катары 31деги жергиликтүү тургун кармалган.

Тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө уланууда. Шектүү тараптан комментарий боло элек.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды. (JsA)

Дагы караңыз

Жапырт кармоо: Абактагы Жээнбеков президентке кайрылды«Новатэк» терминалындагы өрт, Запорожьеге урулган сокку Депутат Алимжанов мандат чыры боюнча Жогорку Сотко кайрылды