Президенттин Баткендеги өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси үй камагына чыкты

Талантбек Мамытов кармалган учур. Сүрөт УКМКга таандык.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси, Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен камакка алынган Талантбек Мамытов үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Мындай токтомду Баткен райондук сотун 17-январда кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы ырастады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2023-жылдын ноябрь айында Талантбек Мамытов 200 миң доллар опузалап талап кылган деген айып менен кармалганын билдирген. Мекеменин маалыматы боюнча, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан (А.Б.А.) акча алып жатканда колго түшкөн.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 25-ноябрда видео кайрылуу менен комментарий берип, бул окуяга тиешеси жок экенин айткан.

Талантбек Мамытов 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо “Мекенчил” партиясынан талапкерлигин койгон. (BTo)

Дагы караңыз

Республикачы Рон Десантис президенттик жарыштан чыкканын жарыялады Президент сугат маселесин бассейн куруу менен чечсе болорун билдирдиЗеленский мобилизация жарыялоонун зарылдыгы жок экенин айтты Президент Жапаров тышкы карыз тууралуу маалымат берди Азия Кубогу-2023: Кыргызстан Сауд Арабиясына 0:2 эсебинде жеңилди