Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө уланууда

Жоголгон адамды издөө. Аламүдүн капчыгайы. Чүй. Январь, 2024-жыл.

Аламүдүн капчыгайында бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө 22-январда уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 273 кызматкери 9 дрон, 14 техниканын жардамы менен капчыгайда издөө ишин жүргүзүп жатат.

28 жаштагы Маматалы уулу Мухамедаалы 14-январда үйүнөн чыгып кеткен боюнча табыла элек. Анын тоону таяп бара жатканы Аламүдүн капчыгайындагы "Жаннат Резорт" мейманканасынын камерасына түшүп калган.

Аны издөө боюнча “12 каминов” эс алуучу борборунун аймагында штаб түзүлгөн.

Маматалы уулунун жакындары буга чейин издөө иштери жай жүрүп жатканын билдирип, коомчулуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам сураган. (ZKo)

Дагы караңыз

Азия Кубогу: Кыргызстан - Сауд Арабиясынын оюну Республикачы Рон Десантис президенттик жарыштан чыкканын жарыялады Орусиядагы рейд, полиция кодулаган мигранттарПрезидент сугат маселесин бассейн куруу менен чечсе болорун билдирдиЗеленский мобилизация жарыялоонун зарылдыгы жок экенин айтты Президент Жапаров тышкы карыз тууралуу маалымат берди