Президент сугат маселесин бассейн куруу менен чечсе болорун билдирди

"Камбар-Ата 1" ГЭСинин башкы планы

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Борбор Азияда көйгөйгө айланып бара жаткан сугат суу маселесин суу бассейндерин куруу аркылуу чечүүгө болорун билдирди. Мамлекет башчы "Кабар" агенттигине курган маегинде сууну суткалык тескөөчү (БСР) жана сууну декадалык тескөөчү бассейндерди (БДР) куруу жана жаңылоо зарылчылыгы тууралуу сөз кылды.

"Илгерки курулган БСР, БДРлер жакшы каралбай, тазаланбай олтуруп, толуп калган. Ошентип, суу аз топтолуп, сугат мезгилинде суунун жетишсиздиги дыйкандарга дайыма көйгөй жаратып келе жатат. Быйыл баарын тазалап жатабыз. Андан сырткары, өлкө боюнча жаңы БСР, БДРлерди курууга тапшырмаларды бердим".

Жапаровдун сөзүнө караганда суу бассейндеринин курулушу төмөндө жайгашкан кошуналар үчүн да пайдалуу болот. Анын сөзүнө караганда, кышында суу чогултулса, жазында агын суулар толугу менен кошуналарга кирип турат.

Мамлекет башчы жогору жакта суу бассейни жоктугунан Бишкекти суу каптап жатканын мисал келтирип, мындай көрүнүш башка аймактарда да бар экенин белгиледи.

Курулуп жаткан "Камбар-Ата-1" ГЭСинен да суунун пайдасы кошуналарга тиерин айтты. Анын сөзүнө караганда Кыргызстанда Нарын суусунун болгону 1% гана сугатка же ичүүгө колдонот, калган 99% Өзбекстан менен Казакстанга агып кирип кетет.

"Эгер "Камбар-Ата-1" ГЭСи бүтсө, аны кыштын күнү электр энергия алыш үчүн иштетип, Токтогул ГЭСине чогулган сууну сугат мезгилинде кошуналарга жетишерлик көлөмдө берип турсак болот. Азыр биз кыштын күнү Токтогул ГЭСин электр энергиясын алыш үчүн иштетебиз дагы, жайдын күнү жабышка туура келип жатат. Себеби суу топтобосок, кийинки кышта өзүбүз электр энергиясыз калабыз. Мына ушундай маселелерди чечиш үчүн иш алып баруудабыз", деди Садыр Жапаров.

Акыркы жылдары кургакчылык жана суу тартыштыгынан улам энергетикалык кризиске кабылган Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну колго алып, курулушту утурлаган инфраструктураны салуу иштерин баштаган. Буга өкмөт 1 млрд 555 млн сом бөлгөн. Станциянын курулушу 2022-жылы 8-июнда расмий башталган.

ГЭС 2024-жылы курула баштап, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалууда, ал бүтсө 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. (ZKo)

Дагы караңыз

Зеленский мобилизация жарыялоонун зарылдыгы жок экенин айтты Президент Жапаров тышкы карыз тууралуу маалымат берди 11 журналисттин иши: бошотуу чакырыктары, президенттин пикириАлматы: Көк-Төбөнүн алдындагы атышуунун айтылбаган сыры «Новатэк» терминалындагы өрт, Запорожьеге урулган сокку