Зеленский мобилизация жарыялоонун зарылдыгы жок экенин айтты

Владимир Зеленский журналисттер менен жолугушууда. Рига, Латвия. Январь, 2024-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский британиялык Channel 4 телеканалына курган маегинде фронтко дагы кошумча жарым миллион жоокер чакырууга зарылчылык жок экенин билдирди.

"Мен кошумча жарым миллион жоокерди мобилизациялоонун себептерин көрбөй турам", - деди ал.

Зеленский бул позициясы "кимдир бирөөгө жагынуу" эместигин белгилеп, каржылык маселеге да токтолду.

РБК Украина жазгандай, Зеленский аскердик союздаштары мобилизацияга акча бөлбөй турганын айтты.

Былтыр жыл аягындагы маалымат жыйынында ал Украинанын Башкы штабы кошумча 400-500 миң аскер тартууну суранып жатканын билдирген. Жаңы күчтөрдү мобилизациялоо зарылчылыгын украин аскер чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов да белгилеген. Ал Financial Times басылмасына курган маегинде: "Биз мобилизацияга муктажбыз. Жоокерлердин жетишсиздиги байкалууда", - деп айткан сөздөрүн Би-Би-Си жазды.

Декабрда украин өкмөтү Жогорку Радага мобилизация жана аскердик каттоону өнүктүрүү жөнүндө мыйзам долбоорун жиберген. Анын негиздемесинде мобилизацияга тартыла тургандардын курагы 27 жаштан 25 жашка түшүрүлгөн.

Документ саясий чөйрөдө жана коомчулукта кызуу талкуу жараткан, учурда иштелип жатканы кабарланган.

Дагы караңыз

11 журналисттин иши: бошотуу чакырыктары, президенттин пикириАлматы: Көк-Төбөнүн алдындагы атышуунун айтылбаган сыры «Новатэк» терминалындагы өрт, Запорожьеге урулган сокку Азия Кубогу-2023: Кыргызстан Сауд Арабиясына 0:2 эсебинде жеңилди