Сузакта милиция аялын балка менен урган кишини кармады

Иллюстрация.

Сузак милициясы аялына зомбулук көрсөткөн тургунду убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

2024-жылдын 17-январь күнү саат 22:00 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын тургуну, 38 жаштагы келинди үйүндө уруша кеткен жолдошу көз тарабына сүзүп, балка менен желке тарабына уруп, денесине жаракат келтирген. Келин алган жараатынан улам Сузак районунун Октябрь аймактык ооруканасына жаткырылган.

Бул окуя боюнча Сузак милициясы Кылмыш-жаза кодексинин "уруп-сабап кыйноо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Көк-Арт айыл аймагынын 49 жаштагы тургуну кармалган.

Жолдошу алгачкы көрсөтмөсүндө "аялы баласын уруп жаткандыгына ачууланып, колунан кармап жулкулдатып, башы менен көз тарабына сүзүп жибергенин билдирген. Ошол учурда аялы бөлмөдө турган балка менен бут тарабына урган учурда, колунан балканы алып, кайра аялынын желке тарабына ургандыгын" айткан. Мындан тышкары ал эртеси эртең менен Тез жардам кызматын чакырып, аялын аларга кошуп бергендигин билдирген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө күйөөсү аялына буга чейин да зомбулук көрсөтүп келгендиги, аялы эч жакка арыз жазбай жүргөндүгү белгилүү болгон.

Буга чейин Ички иштер министрлиги 2023-жылы Кыргызстанда 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын билдирген. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2022-жылы жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 9880 учуру катталган.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды. (TB)

Дагы караңыз

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши убактылуу токтотулдуТүндүк Кореянын эки жараны дорама көргөнү үчүн соттолдуАба ырайы: айрым аймактарда кар жаайтЭкономика министрлиги калктын акчалай кирешеси акыркы эки жылда 40% ашык өскөнүн билдирди