Казак парламенти Жакынкы Чыгышка бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү чечти

Казакстандык аскерлер. 6-апрель, 2017-жыл.

Казакстандын парламентинин эки палатасы биргелешкен жыйында президент Касым-Жомарт Токаевдин Африка жана Жакынкы Чыгыштагы БУУнун бейпилдик миссияларына катыштыруу үчүн 430 аскер жиберүү сунушун колдоду. Маалыматка караганда, казак жоокерлери Бириккен Улуттар Уюмунун Голан дөңсөөлөрүндөгү кырдаалга байкоо жүргүзгөн эл аралык күчтөргө кошулат. Андан тышкары Түштүк Судандагы уюмдун миссиясына катышат.

Токаевдин парламентке кайрылуусун коргоо министри Руслан Жаксылыков окуп берди. Анда бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү геосаясий чыңалуулар курчуп, аймактык жана улутттук коопсуздукка коркунуч жаралып жаткан маалга туш келгени белгиленет. Буга чейин Жаксылыков казак аскерлери Газа тилкесине да барып калышы мүмкүн экенин билдирген. Казакстан - эл аралык миссияларга аскер күчтөрүн жиберген Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет.

Аскердик эксперт Амангелды Курметулы “Азаттыктын” казак кызматына айткандай, Израил менен Сириянын чек аралаш аймагына казак жоокерлеринин кызмат өтөөсүндө чоң тобокелдик бар.

Голан дөңсөөлөрү 1967-жылга чейин Сириянын бөлүгү катары саналчу. Ошол жылкы алты күндүк согуштан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. 1981-жылы Израилдин парламенти аны өз өлкөсүнүн жери катары жарыялаган мыйзам кабыл алган. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңеши бул чечимди тааныган эмес. Дүйнөлүк уюм Голан дөңсөөлөрүнүн аннексиясын мыйзамсыз деп таап, аймакты Сирияга кайтарып берүүгө чакырып келет. 2018-жылы Сириядагы жарандык согуштан кийин бул дөңсөөлөрдүн теңин козголоңчулар көзөмөлдөчү, азыр ал аймакты Сириянын армиясы ээледи.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров камалган журналисттер тууралуу пикирин билдирдиНАТО Европада соңку 40 жылдагы эң ири машыгуусун өткөрөтХусилер Аден булуңунда америкалык танкерди аткылашты