Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:07

Хусилер Аден булуңунда америкалык танкерди аткылашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Араб деңизиндеги Аден булуңунда йемендик хусилер америкалык компанияга тийиштүү “Хим Рейнжер” танкерине баллистикалык ракета менен сокку урушту. Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгы 19-январдын таңында X социалдык түйүнүнө жазгандай, экипаж ракеталар танкерге жетпей сууга түшкөнүн көрүшкөн. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Окуя 18-январдын кечинде болгон.

Деңиз коопсуздугу боюнча маселелер менен алектенген британдык “Эмбри” компаниясы билдиргендей, Маршалл аралдарынын желеги алдында бараткан америкалык танкерге төрт дрон жакын учуп барган.

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы билдиргендей, 2023-жылдын 19-ноябрынан бери хусилер соода кемелерине 26 жолу чабуул койгон. Муну менен алар Газадагы Израилдин аскердик операциясы үчүн өч алып жатканын айтышууда. Ошондой эле алар Израил менен байланышы бар кемелерди гана бутага алып жатканын белгилешкен. Анткен менен байкоочулар Израилге эч кандай тиешеси жок кемелер да соккуга дуушар болгонун айтууда.

Кызыл деңиздеги кемелерге жасаган чабуулу үчүн куралдуу топтун жайларын АКШ жана Британия бутага алууда.

АКШ президенти Жо Байден 18-январда билдиргендей, Вашингтон Ирандын колдоосуна ээ Йемендеги хусилердин түзүмдөрүнө сокку урууну улантат.

17-январда Кошмо Штаттар хусилерди “Глобалдык террордук топтордун” тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG