ЕККУнун өкүлү министр Кулубаев менен Кыргызстандагы сөз эркиндигин талкуулады

Жээнбек Кулубаев, Тереза Рибейро. Коллаж

19-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен телефондон сүйлөштү. Бул сүйлөшүү ЕККУнун демилгеси менен болгонун министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

“Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерин жана бул багыттагы күн тартибин талкуулашты”, - деп айтылат маалыматта.

Бул сүйлөшүү Кыргызстанда 11 журналист камакка алынгандан кийин сөз эркиндиги жана жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу талкуу кызуу жүрүп жаткан маалга туш келди.

Мунун алдында Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана бир катар Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери, эл аралык уюмдар кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп, өлкөдө сөз эркиндигин, жарандардын өз оюн эркин айтуу укугун коргоого чакырышкан.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активист эки айга камакка алынды. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык тартипсиздиктер") 3-бөлүмү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу") менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жабдыктарын конфискациялап, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болгон, бирок атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. Маалымат агенттигинин жетекчилери УКМКга 17-январда да сурак берип чыгышты.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

Дагы караңыз

НАТО Европада соңку 40 жылдагы эң ири машыгуусун өткөрөтХусилер Аден булуңунда америкалык танкерди аткылаштыИИМ: Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук бир жылда 32% көп катталдыНетаньяху көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү демилгесин четке какты