НАТО Европада соңку 40 жылдагы эң ири машыгуусун өткөрөт

Аскердик техника. Финляндия.

НАТО январь айында Европада соңку 40 жылдагы эң ири аскердик машыгуусун өткөрөт. Ага 90 миң аскер катышып, авиация жана аскердик кемелер тартылары күтүлүүдө. Буга чейин машыгууга 40 миң гана киши катышары маалымдалып келген.

“Майтарылбас коргоочу” деп аталган иш-чара Германия, Польша жана Балтика мамлекеттеринин аймагында өткөрүлөт.

2023-жылы НАТОго мүчө мамлекеттер Европада тарыхтагы эң ири аба машыгууларын өткөрүшкөн. Мунун баары Орусия Украинага согуш ачкандан кийин болуп жатат. Батыштагы бир катар саясатчылар, анын ичинде АКШ президенти Жо Байден Орусия Украинадагы согушта жеңсе блокко мүчө мамлекетке да кол салышы мүмкүн деген божомолдору менен бөлүшүп келишет.

Москва мындай пландар тууралуу кептерди четке кагып жүрөт. Орусиянын президенти Владимир Путин декабрда билдиргендей, Москванын НАТО менен согушууга “себеби да”, “кызыгуусу да” жок.

Путин жана кремлчил аткаминерлер Украинага согуш ачаар алдында бул тууралуу маалыматтарды дагы четке кагып келишкен.

Дагы караңыз

Хусилер Аден булуңунда америкалык танкерди аткылаштыТоктогул суу сактагычында суу 10 млрд метр кубдан аз калды ИИМ: Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук бир жылда 32% көп катталды