Иран Пакистандын аймагына ракета жана дрон менен сокку урду

Иран-Ирак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Иран Пакистандын аймагына ракета жана дрон менен сокку урду. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалдары 16-январда кабарлагандай, бутага «Жайш ал-Адл» согушкерлер тобуна тиешеси бар деп эсептелген эки объект алынды. Ага чейинки күнү Иран Ирактын жана Сириянын түндүгүнө сокку урган.

Пакистандын расмий органдарынын маалыматына караганда, эки жаш баланын өмүрү үзүлдү, дагы үчөө жараат алды.

Расмий Исламабад бул авиачабуулду «мыйзамсыз акт» деп атап, ал «олуттуу кесепеттерге алып келиши ыктымалдыгын» эскертти.

«Бул базалар ракеталар жана учкучсуз учактар менен жок кылынды», – деп билдирди Mehr агенттиги. Nournews басылмасы кабарлагандай, базалар Пакистандын Иран менен чектеш жериндеги Белужистан провинциясынын аймагында жайгашкан.

Иран өлкөдө террордук деп таанылган «Жейш ал-Адл» тобу чек ара тилкесиндеги ирандык коопсуздук күчтөрүнө кол салып келишкенин айтууда.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги «Мындай мыйзамсыз акт Пакистан менен Иран ортосунда байланыштын бир нече каналы бар туруп жасалганы ого бетер кооптонуу жаратат. Биз терроризм аймактагы бардык өлкөлөр үчүн бирдей коркунуч экенин, ага биргелешип гана каршы тура аларыбызды дайыма айтып келебиз. Мындай бир тараптуу аракет ынак коңшулук мамилелерге туура келбейт жана ортодогу ишенимдин, ырктын кетишине алып келиши ыктымал», - деген билдирүү таратты.

Бир күн мурда Иран бийлиги Ирактын жана Сириянын аймагына баллистикалык ракета менен сокку урганын ырастаган.

Бутага Эрбил шаарынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан аймак алынган, ал жерде АКШнын консулдугу жана жай тургундар жашаган конуштар жайгашкан.

Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» Эрбилдин жанында “израилдик тыңчылардын борбору” жайгашканын, сокку ошолорго урулганын билдирген.

Эрбил – Ирактын түндүгүндөгү күрд автоном аймагынын баш калаасы. Ал эми Сириянын түндүгүндө, Ирандын белгилешинче, бутага “Ислам мамлекети” террордук тобунун туруму алынган.

Күрд аймактык өкмөтүнүн коопсуздук кеңешинин маалыматына караганда, ракеталык чабуулдан төрт жай тургундун өмүрү кыйылды, дагы алтоо жараат алды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык объектилер жабыркабаганын билдирген, бирок Ирандын бул аракетин «жоопкерчиликсиз» деп айыптаган.

Ирактын Тышкы иштер министрлиги 16-январда Ирандын элчисин чакыртып, нааразылыгын билдирген, Тегерандагы элчисин чакыртып аларын айткан. (RK)

Дагы караңыз

"Путиндин сүйүктүү оюнчугу". Орусияда "тыңчыга" айланган окумуштуулар "Күч түзүмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүп, адилеттүү сот системасын түзүш керек"Министрлик тик учак кырсыгы боюнча бир нече кишини кызматтан убактылуу четтеттиБишкекте тик учак кырсыгынан бир киши каза болуп, он адам жараат алды