Министрлик тик учак кырсыгы боюнча бир нече кишини кызматтан убактылуу четтетти

Кырсыкка учураган Ми-8МТВ тик учагы. Кактус медианын сүрөтү.

Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасындагы аскердик тик учак кырсыгына байланыштуу бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Cүйүн Абдырачалов билдирди. Мындай чечим тик учак кырсыгын бейтарап иликтөө үчүн кабыл алынган. Ал кызматтан убактылуу четтетилгендердин санын жана кызматын тактаган жок.

17-январда Бишкекте Достук кичи районуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында Ми-8 аскердик тик учак кулап, андагы экипаждын мүчөсү каза болгон.

Маалыматка ылайык, бортто жалпы 11 киши болгон. Жараат алгандардын төртөө реанимацияга жаткырылды, алардын бири өтө оор абалда. Калган төрт кишинин абалы орто деп бааланууда. Дагы эки аскер кызматкери Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Министрлик тик учак кырсыгы боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирген.

Коргоо министрлиги мунун алдында кырсык окуу-машыгуу учурунда катталганын, Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы авариялык түрдө конууга мажбур болгонун кабарлаган. (KS/TAb)

Дагы караңыз

Казакстанда өзүнө өзү өрт койгон майып киши ооруканада көз жумдуКөлбаевдин эки машинеси УКМК менен президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдүИзраил менен ХАМАС гуманитардык жүк боюнча мунасага келдиТүштүк Корея менен Жапония Корей жарым аралындагы абалды талкуулап жатат