Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Көлбаевдин эки машинеси УКМК менен президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү


Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган автоунаалары.
Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган автоунаалары.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) таандык болгон эки автоунааны президенттин иш башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берди. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы чыккан Kia Rio X-Line үлгүсүндөгү 1 млн 150 миң сомдук машинеси УКМКга, 2017-жылы өндүрүштөн чыккан 25 млн 500 миң сомдук Mercedes-Benz S600 автоунаасы президенттин иш башкармалыгына берилди.

Андан тышкары Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган машинелеринин дагы төртөө - BMW Alpina XB7, Mercedes-Benz G500, Hyundai Genesis, Toyota Land Cruiser Prado аукционго коюлду.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Атайын кызмат ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Анын ичинде коттеждер, кымбат баалуу клубдук үйлөр, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык люкс автоунаа, зер буюмдар жана башкалар бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG