Кадамжайда бир жылда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 126 учур катталды

Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 2023-жыл ичинде Кадамжай районунун аймагынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 126 учуру катталып, баарына коргоо ордери берилди.

Жыл башынан бери Кадамжай райондук милициясы маалыматтардын электрондук журналына катталган эки учур боюнча жерине барып, зомбулук көргөн жарандарга коргоо ордерин бергени айтылды.

2-январда Кадамжай районунун аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин жолдошунун ур-токмогунан каза тапкан. Милициянын маалыматына ылайык, аны күйөөсү көчөдө муунтуп өлтүргөн.

Маркум Айкыз Калмурза кызы былтыр жайында да күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканада дарыланганын, милицияга жазган арызы каралбай калганын анын жакындары “Азаттыкка” билдирген. Баткен облустук милициясы былтыркы зомбулук окуясы боюнча арыз Кадамжай райондук милициясында катталып, бирок кылмыш иши козголбогонун ырастаган. Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, күйөөсү кармалган.

Баткен облустук бийлиги былтыр жер-жерлердеги үй-бүлө жана балдарды коргоо комиссиясына зомбулук боюнча бир да даттануу түшпөгөнүн «Азаттык» радиосуна билдирген.

Ички иштер министрлигине (ИИМ) 2023-жылы Кыргызстан боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө 11 миңдей маалымат келген. Алардын дээрлик 10 миңдейи ырасталып, коргоо ордери берилген.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды. (JsA)

Дагы караңыз

"Журналисттерди камоону токтотуу керек". Эл аралык уюмдардын үндөөсүМелис Аспеков ооруканадан кайра тергөө абагына которулдуЭл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт