Насипбек Керимов Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

Насипбек Керимов

Энергетика министринин орун басарлыгына Насипбек Керимовду дайындоо тууралуу жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Керимов министрликтин эмгек жамаатына 17-январда тааныштырылды.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, Насипбек Керимов энергетика тармагында 15 жыл иштеген. Буга чейин президенттик администрацияда Отун-энергетикалык комплекси, өнөр жай блогун жетектеген.

Дагы караңыз

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, Ирандын соккусу Дастан Бекешев ЖМКларга байланыштуу окуялар боюнча комиссия түзүүнү сунуштады Министрлер кабинети мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга коюуга милдеттендирилдиИран Ирактагы жана Сириядагы күчтөргө сокку урду