Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Министрлер кабинети мыйзам долбоорлорун коомдук талкууга коюуга милдеттендирилди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 16-январда "Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр Министрлер кабинетинин жарандык коом менен кызматташуусун камсыздайт. Министрлер Кабинети мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна жибергенге чейин коомдук талкууга чыгарышы керек. Добоорлор коомдук талкуунун бирдиктүү порталына жарыяланат.

Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, өзгөртүлгөн мыйзам кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын сапаты жогорулашын шарттайт деп күтүлүүдө.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамды былтыр 29-ноябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Айрым юристтер коомдук талкууга чыгарылган кээ бир мыйзам долбоорлору жана башка укуктук ченемдик актылар Жогорку Кеңешке жарандык коом берген кошумчалар, сунуштар эске алынбай киргизилип кеткен учурлар бардыгын айтып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG