Азия кубогу - 2023: Кыргызстан Тайландга жеңилди

Кыргызстандын улуттук курама командасы Тайланддын футболчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди.

Оюнда эки голду тең Тайланддын чабуулчусу Супачай Чайдет (26-мүнөт, 48-мүнөт) киргизди. Беттеш Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өттү.

Кыргызстандын футболчулары Тайланд менен буга чейин 2001-жылы беттешкен. Анда Кыргызстандын курамасы 3:1 эсебинде утулуп калган.

Азия кубогуна даярдануу үчүн кыргызстандыктар жалпы төрт жолдоштук беттеш өткөрүп, Өзбекстанга 4:1, Бириккен Араб Эмираттарынын курамасына 1:0 менен утулса, Сирия менен тең ойноп, Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди.

Азия кубогунда 24 улуттук курама команда атаандашууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. 51 оюн Катардагы тогуз стадионда өтөт.

Тайланд курамасы FIFA тизмесинде 113-орунда турат. Тайлар Азия Кубогуна 1972-жылы катышып, ошол жылы үчүнчү орунду ээлеген. Өткөн Азия Кубогунун 1/8 финалында Кытай курамасына 2:1 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеген.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФА рейтингинде 98-орунда турат.

12-январда башталган мелдеш 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстан курамасы F тайпасында ойнойт. Эми 21-январда Сауд Арабиясы, 25-январда Омандын оюнчулары менен беттешет.

 

Башкы машыктыруучу Штефан Таркович Катарга жаңыланган команданы алып барды. Курамдын лидери саналган бир нече оюнчу, анын ичинде жарым коргоочу Алимардон Шүкүров, коргоочу Валерий Кичин жараатынан улам мелдешке катыша албай турганы буга чейин айтылган.