Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Төө-Ашуу, Бишкек-Ош жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Аба ырайына байланыштуу 16-январда саат 16:15тен тартып Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Аталган мекеме мурдараак Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолуна кайрадан кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылганын кабарлаган. Көчкүнүн көлөмү такталууда. Учурда Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду тазалоодо.

16-январга караган түнү саат 03:00 чамасында аталган унаа жолуна түшкөн кар көчкү тазаланып, жол эртең менен ачылган болчу.

Бишкек-Ош жолу - Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги магистрал. Жолдо Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел сыяктуу бийик, аба-ырайы катаал ашуулар бар. Бишкек-Ош жолунун Талас-Тараз багытына бурулган тарабындагы Өтмөк ашуусу да кышында көп кар жаткан бийик ашуулардын бири. (КЕ)

Дагы караңыз

ИИМде айрым журналисттер сурак берип бүткөнү кабарланды Медиа аракеттенүү платформасы журналисттердин кармалышына байланыштуу кайрылуу жасадыБУУ: Украинада каза тапкан жай тургундар көбөйдү Кыргызстанда 3 миң тоннадай алтын запасы бар