Элчи Анкара кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилишин колдой турганын айтты

Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Архивдик сүрөт.

Түркия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин колдойт. Бул тууралуу 15-январда Дүйшөмбү шаарында өткөн маалымат жыйынында Түркиянын Тажикстандагы элчиси Үмүт Ажар билдирди.

Элчи бул маселеде бейтарап позицияны карманарын белгиледи жана Түркиянын тышкы иштер министри кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим быйыл март айында кабыл алынарын эки өлкөнүн жетекчилиги менен жолугушууларда укканын кошумчалады.

Түрк бийлиги Кыргызстан менен Тажикстан ушул жылдын март айында чек ара боюнча макулдашууга кол коёруна үмүттөнөрүн 10-январда тажик баш калаасы Дүйшөмбүдө өткөргөн маалымат жыйынында Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдирген.

“Чек ара маселелеринин чечилиши (Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда) биз үчүн абдан маанилүү. Бул боюнча макулдашууга ушул жылдын март айында кол коюлат деп күтүүдөбүз”, - деген Фидан бул суроо Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда талкууланганын кошумчалаган.

Хакан Фидан 8-9-январда Кыргызстанга сапарында президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушкан. Ал эми 10-январда Дүйшөмбүдө президент Эмомали Рахмон жана тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинге кезиккен.

Кыргызстан менен Тажикстан соңку айларда чек ара маселесин чечүү боюнча аракеттерин күчөтүп келет. 12-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өткөн. Анда Ташиев тараптар чек араны тактоо ишин күчөтүлгөн тартипте уланта турганын билдирген. Жолугушууда Ятимов чек аранын чечилиши эки өлкөнүн коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгилеген.

Ташиев менен Ятимов бир ай мурда, 12-декабрда да Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулаган. Анын соңунда атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришкен. Ташиев анын ичинде Баткендеги “Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер макулдашылганын” ырастаган.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Буга чейин чек ара такталбаган тилкелерде эки тараптан тең адам өмүрүн кыйган окуялар катталган.

Дагы караңыз

24.kg басылмасын тинтүү: УКМКнын кызматкерлери Асел Оторбаева менен Махинур Ниязованы алып кеттиУКМК 24.kg агенттигинде “согушту пропагандалоого" байланыштуу тинтүү жүргөнүн билдирди Төрөт үйүндө каза болгон келиндин өлүмү иликтенүүдөУкраина фронтто бир суткада 94 кагылышуу болгонун билдирди