Бишкекте жол кире 30-январдан тартып кымбаттайт

Бишкекте коомдук транспортто бараткан жүргүнчүлөр. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында коомдук транспортто 30-январдан баштап жаңы тарифтер күчүнө кирет. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом болот.

Бишкек шаардык кеңешинин тиешелүү токтому 15-январда шаардык кеңештин сайтына жарыяланды. Ал 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Жол кирени көтөрүү чечимин шаардык кеңеш былтыр 27-декабрда кабыл алган.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жол кирени көтөрбөсө жаңы сатылып алынган автобустарды жоготуп алуу коркунучу турганын билдирген.

Борбор шаарда коомдук транспорт көп жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. Былтыр Кытайдан жаңы автобустар алынган.

Азыр борбордо кичи автобустардын жол киреси 15 сом, автобус менен троллейбуста 11 сом. (BTo)

Дагы караңыз

“ЖМК жөнүндө” долбоор парламент комитетинин күн тартибинен алындыБишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылдыУкраина фронтто бир суткада 94 кагылышуу болгонун билдирдиДүйнөлүк банк “быйыл кыргыз экономикасы 4% өсөт” деген божомол бердиУКМК 24.kg агенттигинде “согушту пропагандалоого" байланыштуу тинтүү жүргөнүн билдирди Бишкек шаардык соту үч адамдын өлүмү боюнча ишти кароону уланттыКемпир-Абад иши: Президент курултайда элчилик боюнча туура эмес айтып алганын билдирдиБалыкчыда балык саткан соодагерлер аларды көчүрүүгө каршы чыкты