“ЖМК жөнүндө” долбоор парламент комитетинин күн тартибинен алынды

Сөз эркиндигине арналган жүрүш, 2022-жылдын ноябрь айы.

Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору 15-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен алынды.

Мындай сунушту депутат Айбек Осмонов берди, документте талаштуу беренелер көп деген негизде аны кайра иштеп чыгууну сунуштап, ал колдоо тапты.

Депутаттар Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков да мыйзам долбоору кабыл алынса сөз эркиндигине кедергисин тийгизе турганын айтышты. Кадырбеков документте жазылган талаптарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аткара албай турганын, иштебеген документтерди кабыл алуу бийликке сынды күчөтөрүн билдирди.

Жыйында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу баяндама жасап, “ЖМК жөнүндө” азыр иштеп жаткан мыйзам 1992-жылы кабыл алынганын, андан бери медиа тармагында бир топ өзгөрүүлөр болуп, ал учурдагы талаптарга жооп бербей калганын айтты.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, каттоону Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. Орозбек Сыдыков ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек экенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Ага президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

Дагы караңыз

Украина фронтто бир суткада 94 кагылышуу болгонун билдирдиЖК комитетинде “ЖМК жөнүндө” долбоор талкууланып жататДүйнөлүк банк “быйыл кыргыз экономикасы 4% өсөт” деген божомол бердиУКМК 24.kg агенттигинде “согушту пропагандалоого" байланыштуу тинтүү жүргөнүн билдирди Бишкек шаардык соту үч адамдын өлүмү боюнча ишти кароону уланттыКемпир-Абад иши: Президент курултайда элчилик боюнча туура эмес айтып алганын билдирди