Украина фронтто бир суткада 94 кагылышуу болгонун билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Согуш талаасында соңку суткада 94 жолу кагылышуу болгонун 15-январда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Жалпысынан Украинанын аймагына аскерлер жайгашкан позицияларга жана калктуу пункттарга жети ракеталык, 60 авиациялык сокку урулганы, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 64 жолу аткылоо болгону, жай тургундар арасында каза болгондор бар экени, үйлөр жана башка жарандык инфраструктура талкаланганы кабарланды.

Чабуулдар Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка, Марьинка, Запорожье жана Херсон багыттарына жасалды.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва коңшу өлкөгө басып киргенин "атайын аскердик операция" деп атап келет. (RK)

Дагы караңыз

Бишкекте жол кире 30-январдан тартып кымбаттайтWildberries күйүп кеткен кампасынын 12 кызматкерин издеп жататЫсык-Көлдө 16 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу арыз иликтенүүдө