Иранда укук коргоочу Махса Амининин өлүмү тууралуу чагылдырып жүргөн эки журналист Нилуфар Хамеди менен Элахе Мухаммади түрмөдөн "убактылуу" чыгышты. Сот чечими менен узак мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган журналисттер апелляциялык арызы каралганча эркиндикте болушат.
Фарда радиосу кабарлагандай, 14-январда журналисттер Тегерандагы аялдар кармалуучу Эвин түрмөсүнөн чыгышты. Ирандын бийлиги алар күрөөнүн негизинде "убактылуу" бошотулушканын, бирок өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирди.
Былтыр октябрда 31 жаштагы Нилуфар Хамеди 13 жылга, ал эми 36 жаштагы Элахе Мухаммади 12 жылган эркиндигинен ажыратылган. Сот аларды түрдүү кылмыштарга, анын ичинде "улуттук коопсуздукка каршы аракеттер, терс пропаганда жүргүзүү" жана "АКШ бийлиги менен кызматташуу" үчүн айыптады. Журналисттер айыптарды мойнуна алышкан эмес. Эл аралык укук коргоо уюмдары алардын боштондугу үчүн атайын өнөктүк өткөрүшкөн.
Журналисттерди коргоо комитетинин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка аймагындагы өкүлү Шериф Мансур сот өкүмүнөн кийин: "Хамеди менен Мухаммадинин соту сөз эркиндигине каршы пародия жана иран бийлигинин журналистиканы криминалдаштыруу аракети", - деп билдирген.
Нилуфар Хамеди ооруканада эс-учун билбей жаткан Махса Аминини ата-энеси кучактап турган сүрөтүн Твиттерге жарыялаган соң камалган. Анын бул сүрөтү Иран медиасындагы Амини тууралуу эскерүүлөрдүн алгачкысы болгон. Элахе Мухаммади болсо Амининин сөөгү туулуп-өскөн жери Секкез шаарында жерге берилгени тууралуу макаласынан кийин кармалып, камакка алынган.
22 жаштагы Махса Амини хижабды башына бош таштап койгону үчүн адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалган соң каза болгон. Анын өлүмүнөн соң жалпы өлкөдө узак мөөнөттүү жапырт нааразылык акциялары өткөн. Полиция менен кагылыштарда жүздөгөн адамдар набыт болуп, көпчүлүгү камакка алынган. Алардын айрымдары өлүм жазасына тартылган.