Кыргызстандык шахматчылар Прагада байгелүү орундарды ээлешти

Бүгүн 12-январда Чехиянын борбору Прага шаарында "Prague Open" эл аралык шахмат фестивалы жыйынтыкталды.

Кыргызстандык үч шахматчы "Б" категориясында (рейтинги 2000ге чейин) катышкан. Элзар Тажимырзаев экинчи орун, Кубаныч Алманбетов төртүнчү орун, Сардарбек Нурдин уулу 14-орунду ээледи.

Фестивалда адискөй жана шахмат сүйүүчүлөр арасында тогуз күндөн бери турнир өткөрүлгөн. Ага 42 өлкөдөн 400гө жакын адам катышкан. (AiA)

Дагы караңыз

УКМК депутат Эмил Жамгырчиев шектүү катары сурак берип чыкканын билдирдиКиев майданда абал "өтө оор" экенин билдирдиКечки Азаттык (3-чыгарылыш) Пётр Биринчи Черногорияга окууга жөнөткөн ак сөөктөрдүн арасында ногой урпагы да болгон