Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:45

Пётр Биринчи Черногорияга окууга жөнөткөн ак сөөктөрдүн арасында ногой урпагы да болгон


Кеме таануу устаты Марко Мартинович (солдо) московиялык ак сөөк окууучулары менен. Черногориядагы Пераст шаары. 1698-ж.
Кеме таануу устаты Марко Мартинович (солдо) московиялык ак сөөк окууучулары менен. Черногориядагы Пераст шаары. 1698-ж.

XVII кылымдын соңку жылдары черногориялык кеме куруу устаты Марко Мартинович орус ак сөөктөрүнүн тобуна кеме куруу өнөрүн үйрөткөнү маалым. Бул ак сөөктөрдүн айрымдары Алтын Ордодон калган татар жана ногой төбөлдөрүнүн урпактары болгонбу? Тарыхчынын блогу.

Оболу Черногория тууралуу

XXI кылымдын башында (2004-жылдын май айы) тагдыр шамалы мени түштүк славяндардын Черногория (Монтенегро, б.а. Кара-Тоо) деген чакан өлкөсүнө алып келди. Бир медиа жаатындагы жыйынга катышуум керек эле. Ал кезде Черногория эли “мына-мына, Сербия менен толук ажырашып, өз алдынча мамлекет курабыз” деп ынтызарлана камылга көрүп жаткан.

Тарыхчы Мидил Бегималиевич Жамгырчинов. 2010-жыл.
Тарыхчы, профессор Мидил Бегималиевич Жамгырчинов. Бишкек. Кыргыз улуттук университети. 2010-жылдын 22-июну.

Кыргыз улуттук университетинде устатым Мидил Бегимаалы уулу Жамгырчиновдун батыш жана түштүк славяндар жаатындагы дарстарынан анча-мынча кабар алганыма карабастан, 2006-жылы 3-июнда гана биротоло көз каранды эместикке жетишкен бул чакан өлкө тууралуу маалыматым өп-чап эле.

Азыркы Черногория жумуриятынын калкы – бар болгону 621 миң киши. Аймагы – 13 812 чарчы чакырым. Салыштырсак, Талас облусунун аймагы – 11 400 чарчы чакырымдай.

Өлкөнүн түштүк-батыш өңүрү Адриат деңизин жээктейт. Бул өлкө Хорватия, Босния-Герцеговина, Сербия, Косово жана Албания менен чектешет.

Черногориянын ички дүң өнүмү (ИДӨ) – дээрлик 14 миллиард доллар; анын жан башына үлүшү – 22 348 доллар (2019-жылга карата бул өлкө дүйнөдө 62-орунда турду). (Кыргызстанда ИДӨнүн жан башына үлүшү 6133 доллар, демек, чакан Черногориядагыдан үч эседей азыраак).

Черногория өлкөсүнүн түштүк-батышында Ловчен аттуу токой бар. Дал ушул калың токой өлкөгө “Кара Тоо” (черногор тилинде “Црна Гора”) деген аталыш берген дешет. Биздин өлкөбүздүн көркөм аталышы – “Ала-Тоо” эмеспи!

Өлкөнүн саясий борбор шаары – Подгорица (Podgorica) шаары. Ал 1946–1992-жылдары серб коммунисттери тарабынан сырттан таңууланган “Титоград” деген аталышка ээ болуп турган.

Ал эми Цетине (Цетиње / Cetinje) шаары – өлкөнүн экинчи ордо шаары деп саналат жана анда президенттин баш кеңсеси жана маданият министрлиигинин кеңсеси жайгашкан. Ловчен тоосунун этегинде жайгашкан жана калкы 14 миң гана тургун болгон бул шаарды Черногориянын маданий ордо шаары деп коюшат. Ал 1878–1918-жылдары көз карандысыз Черногориянын борбор шаары болгон.

Азыркы тапта бул жумуриятта парламенттик демократия салтанат курууда. Анын парламенти “Скупштина” (“Skupština”) деп, өкмөтү – “Влада” деп аталат. Учурда бир үйлүү парламентттин 81 орунунун 33ү – өкмөт курган ынтымакка, 32си – оппозицияга, калганы – ортодогу партияларга таандык болуп турат. Пропорциялык (партиялык тизмеге ылайык) таза өткөн парламенттик шайлоонун өрнөгү ушул чакан өлкөдөн айгинеленет.

Яков Милатович менен Милойко Спайич. 2022.
Яков Милатович (оңдо) менен Милойко Спайич. 2022.

2023-жылдын 20-майынан тартып өлкө президенти болуп калган саясатчы Яков Милатович (Јаков Милатовић / Jakov Milatović) мырза 1986-жылы 7-декабрда ал кездеги Титоград шаарында туулган. 2013-жылы Улуу Британиядагы Оксфорд университетинен экономика боюнча магистр даражасын алган. Өз эне тилинен тышкары англис, италия, испан тилдерин билет. Өлкөнүн экономика министри да болуп иштеген. Ал 2023-жылы 2-апрелде президенттик шайлоонун экинчи айлампасында мурдагы президент, социалист Мило Жукановичти (1962-жылы туулган) жеңип чыккан.

Азыркы өкмөт башчы – Милойко Спайич (Milojko Spajić / Милојко Спајић) 2023-жылдын октябрынан бери ушул кызматты аркалап келет. Ал 1987-жылы 24-сентябрда Черногориянын түндүгүндөгү Плевля шаарында серб үй-бүлөсүндө туулган. Ал өз эне тилинен жана черногор тилинен тышкары англис, жапон, кытай, орус жана француз тилдерин билет деп айтылат.

Черногориядагы Будва шаары
Черногориядагы Будва шаары

Милойко Спайич Жапониянын өкмөттүк стипендиясына жетишип, Осака университетинде, алмашуу иретинде Кытайдын Бээжин шаарындагы Цинхуа университетинде окуган, андан соң магистр даражасын Франциянын Париж шаарындагы “Париж Жогорку соода мектебин” (Hautes Études Commerciales de Paris; HEC Paris) грант негизинде окуп алган. Черногориянын Каржы жана социалдык камсыздоо министри кызматын да аркалаган. Парламент депутаты.

Черногория 2017-жылдан тартып НАТОго мүчө өлкө. Эвро акча аймагына кирбестен туруп эле бул өлкө эвро акчасын ички акча каражаты катары колдонуп келет.

Менимче, бул чакан өлкө парламенттик демократиянын алгылыктуу жактарын өз тарыхы аркылуу таасын далилдей алды көрүнөт.

Котор булуңу. Черногория.
Котор булуңу. Черногория. 2022.

Жасалма аралдагы чиркөөдө тууралуу

Черногориянын түштүк-батышында Адриат деңизинен ыктоо болгон Котор аттуу татынакай булуң бар. Котор булуңу (“Бока которска”) – тектоникалык шарттан улам табигый түрдө жаралган жана деңизден ыктоо болуп бөлүнүп калган узун суу капчыгайы (“фйорд”) болуп саналат, ошондуктан аны “Европанын эң түштүк фйорду” деп да коюшат.

Орто кылымдарда черногориялык мээнеткеч калайык бул булуңдагы Пераст деген шаардын маңдайында таш толтурулган эски кайык жана кемелерди атайылап чөктүрө беришип, булуң ичинде киши колу менен эле жасалма арал жаратып алышкан.

Уламышка караганда, 1452-жылы Пераст шаарында туулган эки бир тууган деңизчи Мортешичтер деңиз булуңунан сороюп чыгып турган бир чакан аска учун көрүшөт.

(Бул жылды башка окуяга салыштыруу аркылуу эсте сактап калуу оңой: кийинки, 1453-жылы византиялык ордо шаар Константинополду Осмон султандыгы биротоло каратып алып, Стамбул шаары деп атап калат эмеспи).

Суудан бир аз гана чыгып турган бул аска учунда болгон кезде, алар Ыйык Мариянын элеси бар бир икона таап алышкан имиш. Дал ошол икона эки бир туугандын бирин оорудан айыктырууга эбеп болгон имиш.

Ошол окуядан соң 200 жыл бою Пераст шаарынын тургундары алиги аска учу көрүнгөн жайга таш толтура беришип, акыры 3030 чарчы метр жасалма арал пайда болгон.

Жасалма аралда Ыйык Марияга арналган чиркөө курулуп, аны жергиликтүү калайык “Кудайдын Энесинин аскадагы чиркөөсү” (“Црква Госпа од Шкрпјела”) деп атап калган.

Эски чиркөөнүн алгачкы имараты 1667-жылдын 6-апрелиндеги катуу жер титирөөнүн айынан кыйраган. Чиркөөнүн 11 метр бийик жаңы имараты византиялык ыкмада курулган.

XVII кылымдын соңунда Пераст шаары гүлдөп-өсүп турган. Бул шаардын калайыгы кеме куруу жаатында да бай салтка ээ болгон.

Пераст шаары, Черногория.
Пераст шаарынын жээк бою, Черногория.

Аймактын Венеция Республикасы менен алакалары

Пераст шаары жээгинде жайгашкан Котор булуңу байыртадан эле ар кыл маданий очоктордун өз ара карым-катнашынын көпүрөсү болгон.

Котор булуңунун тегерегиндеги негизги аймактар 1420-жылдан 1797-жылга чейин Венеция Республикасынын бийлиги астында болуп, Адриат жээк боюндагы “Венеция Албаниясы” деп аталган тарыхый аймактын түндүк-батыш өңүрүн түзгөн.

Котор булуңунун ооз жагындагы Херцег-Нови жана Рисан шаарлары гана 1482–1688-жылдары Осмон султандыгынын ээлигинде болгон, бирок аларды Венеция Республикасы 1688-жылы кайра өзүнө кайтарып алган.

"Короз атуу" майрамы. Пераст. 15.5.2019.
Ар жылы 15-майда Пераст шаарында "Короз атуу" майрамы өткөрүлүп, XVII кылымда Осмон султандыгынын аскерлерин жеңген күндү белгилешет. Пераст. 15.5.2019.

Ортодокс христиандардын бир далайы католик чиркөөсүнө өткөн. Четкерээк кыштактарда ортодокс христиан чиркөөлөрү да сакталган. Осмон султандыгынын таман астында калган коңшу аймактарда жамы мечиттер курулган.

Котор булуңунун шаарларынын бир катар чыгаандары Венеция Республикасында жогорку билимге ээ болууга мүмкүнчүлүк алышкан. Алардын айрымдары диний жөрөлгөлөрдү түштүк славяндык өз эне тилинде жүргүзүү үчүн руханий күрөш жүргүзгөн.

Пётр Биринчи Кара деңиздин түндүгүнө ээлик кыла алган эмес

Эми Чыгыш Европага келелик. Орус мамлекетинин терезесин Европага карай ачкан мамлекет башчы катары Пётр Биринчи даңазаланып келет.

Пётр I (Пётр Алексеевич Романов; 1672—1725) айтылуу Романовдор сулалеси бийлеген Московия падышалыгынын 1682-жылдан берки падышасы болгон (ал өз алдынча саясатты 17 жашынан – 1689-жылдан тартып жүргүзө баштаган). Ал эми аскер деңиз флотун чыңдап, шведдерди сүрүп, Балтика деңизинин чыгыш ыптасына чыгууга жетишкен соң, 1721-жылы ал өзүн Бүткүл Орусиянын императору деп жарыялаган.

Дароо баса айта кетсек, XVII кылымдын ичинде Московия падышалыгы Кара деңизге караандай алган эмес. 1696-жылы гана Пётр Биринчинин аскерлери Осмон султандыгына баш ийген Кырым хандыгынан Азак чебин (азыркы Азов шаары) экинчи жолку жортуулдун натыйжасында каратып алган. Бирок Азов деңизи – Московияны Кара деңизге саал жакындаткан гана босого болгон.

Ташкындаган Прут дарыясы. Молдова тарабы. 08.7.2010.
Ташкындаган Прут дарыясынын Молдова тарабы. 08.7.2010.

Ал эми 1711-жылы жайында Пётр Биринчи өзү Осмон султандыгына каршы согуштук жортуулга катышып, бирок Прут дарыясынын оң жак жээгинде олуттуу камалоого кабылган. (Салгылашуу болгон жайдын жанындагы Яссы шаары мурда Батыш Молдовага карачу, азыркы тапта – Румыниянын чегинде жайгашкан).

Орус аскерлери, көбүртүлүп айтылганда, 80 миң жоокерден турган (башка маалыматка караганда, анын 39 миң жоокери болгон). Осмон султандыгынын 120 миң жоокери болгон, андан тышкары Кырым татар хандыгынын 70 миң жоокердик колу Осмон мамлекетин колдоого алган.

Пётр Биринчи эптеп султандын колбашчысынын паралап жатып Прут дарыясындагы азаптуу курчоодон аман калган.

Ал кезде султан Ахмет Үчүнчүнүн (1673–1736; тактыда 1703—1730-жж. отурган) улуу вазири (Osmanlı Sadrazamı) – Балтачы Мехмет паша (Baltacı Mehmed Paşa; 1662–1712) Прут салгылашуусун өзү жетектеп жаткан эле. Ал орустардан 150 миң рубл акчага тете каражатты пара катары алып, тынчтык келишимин түзүүгө жана Пётр Биринчини курчоодон чыгарууга макул болгон. (Ошол жылы ноябрда ал улуу вазир кызматынан алынган, кийинки жылы ал султандын буйругу менен муунтуп өлтүрүлгөн).

Орус-серб мамилелери тууралуу Герцеговина музейиндеги көргөзмө. 13.9.2022.
Пётр Биринчинин доорундагы орус-серб мамилелери тууралуу Герцеговина музейиндеги көргөзмөнүн бир көрүнүшү. Требинье шаары, Босния-Герцеговина. 13.9.2022.

1711-жылы 23-июлда мөөр менен бекитилген жана Пётр Биринчи өз башын сактоо үчүн аргасыз макул болгон Прут келишимине ылайык, Азов (Азак) шаары кайрадан Осмон султандыгына өткөн, Московия падышалыгы Польшанын жана Запорожье казак орустарынын ички иштерине кийлигишпөөгө убада кылган. Келишимде Осмон султандыгынын аймагында Бендер жергесинде убактылуу баш паана тапкан швед падышасы Карл Он Экинчинин тагдырына байланыштуу жана башка да шарттар каралган.

Пётр Биринчи өлгөндөн кийин 1735–1739-жылдардагы орус-түрк согушунун соңунда 1739-жылы 18-сентябрда Белград тынчтык келишими түзүлгөн. Бул келишимдеги шарттарга ылайык, Орусияга Азовдо жана Кара деңизде аскер кемелерин жайгаштырууга тыюу салынган.

Бирок XVII кылымдын соңундагы Пётр Биринчинин аскер кемелерин курууну жакшыртуу үчүн адис жетекчилерди даярдоо камылгаларын жалаң гана Кара деңизге чыгуу зарылдыгы менен чектөө туура эмес.

Орусия үчүн Балтика деңизине чыгуу жана анын бир бучкагында өз дооруна шайкеш аскер кемелерин кармоо зарылчылыгы өсө берген. Алдыда 1700–1721-жылдарды камтыган узак мөөнөттүү орус-швед согушу да турган...

Венециялыктар Чоң Каналда майрамдык шаан-шөкөт өткөрүшүүдө. Италия, 09.2.2020.
Венециялыктар Чоң Каналда Чычкан жылына арналган майрамдык шаан-шөкөт өткөрүшүүдө. Италия, 09.2.2020.

Пётр Биринчи деңиз аскер кемелерин курууну үйрөтүү жаатында Венециядан көмөк сураган

Пётр Московиянын падышасы кезинде, 1697—1698-жылдары, узак убакытка Батыш Европанын өлкөлөрүнө каттап турган. Ал Голландияда (Нидерланддарда) кеме куруу өнөрүн өз көзү менен көрүп иликтеген.

XVII кылымдын 90-жылдары ал Московия менен ымыласы жакшы болгон европалык башка христиан өлкөлөргө да кайрылып, кеме куруу жаатында тажрыйба топтоо үчүн орус ак сөөктөрүнүн балдарын кабыл алууга макул болгон өлкөлөргө окууга жөнөткөн.

Ошол жылдары Московия падышалыгы Осмон султандыгы менен Кара деңиздин түндүгүндө атаандашса, ал эми Венеция Республикасы Осмон султандыгы менен Адриат жана Жер Ортолук Деңизи аймактарында атаандашып турган.

Ал эми 1690-жылдардын экинчи жарымында Московия падышалыгынын падышасы Пётр Биринчи Венеция Республикасынын төбөлдөрүнө маскөөлүк ак сөөктөргө заманбап кеме куруу жаатында технологиялык сабак берүү өтүнүчүн жиберген. Венеция Республикасынын төбөлдөрү бул өтүнүчтү кабылдап, Котор булуңундагы Пераст шаарынын деңиз кеме адистерине да кайрылышкан.

Албетте, түштүк славяндардын айрым топтору (маселен, азыркы Хорватиядагы Стамбулга анча-мынча салык төлөп, бирок анын эсесине деңиз соодасына өздөрү марый турган жагымдуу шартка ээ болгон Дубровник Республикасы) Осмон султандыгын колдой беришкен.

Венециянын саясий жана маданий таасири астындагы Котор булуңунун аймагындагы сербдер жана черногорлор болсо Московия падышалыгынын өтүнүчүн аткарууга макул болушкан.

Марко Мартиновичтин Пераст шаарындагы айкели. Черногория.
Пераст шаарынан чыккан Марко Мартинович 1697–1698-жылдары московиялыктар үчүн согуштук кемелерди куруу боюнча дарстар окуган. Анын айкели Пераст шаарында тургузулган. Черногория.

Марко Мартинович жана Орус (Московия) мамлекетинин өтүүчүн аткаруу

1697-жылы Пётр Биринчи өзүнүн бир катар ак сөөктөрүнө кеме куруу өнөрүн үйрөтүү өтүнүчү менен Италиянын түндүк-чыгышын жана Балкандын айрым аймактарын көзөмөлдөп турган Венеция Республикасына кайрылган.

Венеция Республикасынын аткаруу бийлигинин башчысы (“дож”) бул өтүнүчкө макул болуп, 1697-жылдан тартып маскөөлүк дворяндарды окууга кабыл ала баштаган.

Он алты орус ак сөөгү Котор булуңундагы Пераст шаарына окууга жөнөтүлгөн. Пераст шаары деле орус келгиндери үчүн “Венециянын саясий бир бөлүгү” саналган.

Бирок бул дворяндардын айрымдары (маселен, граф Пётр Толстой, кийинки жылы – 1698-жылы гана Перастка келгенине төмөндө токтолобуз).

Пераст шаарынын тургуну Марко Мартинович (Марко Мартиновић / Marko Martinović; 1663 — 1716) мырза ошол 1697-жылы өзү туулуп өскөн шаарда кеме капитандарын окута турган атайын кесиптик мектеп ачкан болчу. Аны математик жана деңиз флоту адиси, кеме куруунун теориясы жана тажрыйбасы боюнча устат катары санашат.

Эми Мартинович Московиядан келген дворяндарга кемелердин түрлөрү жана аларды куруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу сабак өтө баштады.

Сыягы, Пётр Биринчи деле чет өлкөгө аттандыруу үчүн шыктууларды тандатса керек.

Мартиновичтин орус окуучуларынын арасында граф Пётр Андреевич Толстой (1645–1729) да болгон. Анын урпактарынын арасында Лев Толстой, Алексей Толстой сыяктуу даңазалуу жазуучулар бар. (Айтмакчы, саякат маалында граф Пётр Толстойго кызмат кылып, анын жанында жүргөн “солдаттын”, б.а. карапайым жоокердин ысымы Иван Стабурин деп эскерилет).

Жалпысынан, Венеция Республикасында (анын ичинде айрымдары – Пераст шаарында) таалим алган 35тей орус ак сөөктүн арасында Никита жана Фёдор Бутурлиндер, Пётр жана Фёдор Голицындар, Владимир жана Григорий Долгорукийлер, князь Юрий Трубецкой, орус падышасынын бажасы Борис Куракин, князь Иван Урусов ж.б. болгон.

Котор булуңуна кеме куруу жаатында үйрөнүү үчүн келгендердин бири граф Пётр Андреевич Толстой Италиядагы, Хорватия жана Черногориядагы саякаты тууралуу кызыктуу маалыматтар калтырган.

Петр Андреевич Толстой күндөлүк кылып жазып калтырган маалыматтан бир үзүндү:

“7205 года [1] генваря 11-го дня по указу великаго государя велено комнатным столникам [2]: в князь Юрью княж Юрьеву сыну Трубецкому; князьям Петру, Федору княж Алексеевым, Дмитрею княж Михайлову детям Голицыным; князь Борису княж Иванову сыну Куракину; Василию, Володимиру Петровым детям Шереметевым; Михаилу Афонасеву сыну Матюшкину; князь Ивану княж Данилову сыну Гагину; князь Якову княж Иванову сыну Лобанову-Ростовскому; Михаилу Федорову сыну Ртищеву; Авраму Федорову сыну Лопухину; князьям Юрью, Михаилу, Андрею княж Яковлевым детям Хилковым; Ивану, Матвею, Юрью Алексеевым детям Ржевским; князь Григорью княж Федорову, князь Володимиру княж Михайлову детям Долгоруковым; Александру, Сергию Ивановым детям, Алексею Матвееву сыну Милославским; князь Ивану княж Никитину сыну Урусову; Петру Андрееву сыну Толстому; Никите Иванову, Федору Емельянову детям Бутурлиным; Василью Семенову сыну Толочанову; Василью Михайлову сыну Глебову; Юрью Федорову сыну Лодыженскому; Михаилу Ильину сыну Чирикову; Андрею, Ивану, Михаилу Петровым детям Измайловым — ехать в европские христианские государства для науки воинских дел; а которым наукам велено им учится, о том даны каждому из них статьи.”

(Шилтемелерден: 1. 7205 года…-- Использовано летоисчисление «от сотворения мира», «от рождества Христова» — 1697 г.

2 …комнатным столникам…-- Стольник, дворцовый, а затем придворный чин в русском государстве XII—XVIII вв., занимавший по росписи чинов пятое место после бояр, окольничих, думных дворян и думных дьяков).

Булак:

https://ru.wikisource.org/wiki/Путешествие_стольника_П._А._Толстого_по_Европе_(1697-1699)_(Толстой)

Бул тизмедеги айрым кишилерди падышалык кеңседеги даража (чин) аталыштары жок кылып жана ортодогу ысымын кыскараак кылуу үчүн “-ович” деп белгилеп санап өтөлү:

“1697-жылы 11-январ күнү улуу өкүмдардын жарлыгы менен аксарайдагы “стольник” даражасындагы кызматкерлерг: Трубецкой тегинен князь Юрий Юрьевич; князь Алексеевдердин тегинен Пётр менен Фёдор; Голицындын урпактарынан Дмитрий Михайлович, Куракиндин небереси болгон Борис Иванович, Шереметевдерден Василий Петрович жана Володимир Петрович, <...> Долгоруковдордун тегинен Григорий Фёдорович жана Володимир Михайлович; <...> Урусов уулдарынан князь Иван Никитин (б.а. Никитич); Толстой уулдарынан Пётр Андреевич, Бутурлин уулдарынан Никита Иванович менен Фёдор Емельянович; <...> Чириков уулдарынан Михаил Ильин (б.а. Ильич); Измайлов уулдарынан Андрей Иванович менен Михаил Петрович (мырзаларга) Европанын христиандык мамлекеттерине сапарга аттанып, ал жактарда аскер иштери өнөрүн өздөштүрүүгө буйрук кылынды”.

Бул тизмедегилердин айрымдары Московиянын князь, бояр (аларды мурдагы орус тилинде “боляр” деп аташкан), стольник жана граф төбөлдөрүнүн урпактары болушкан. Алардын айрымдарынын ата-тегинде орусташып кеткен татар, ногойлор бар болгон же, бери дегенде, алардын орусташкан татарлар менен таяке-жээндик байланыштары бар болгон.

(Жалпы эле орусиялык төбөлдөргө айланган кыпчак, татар ж.б түрктөрдөн калган ысымдар тууралуу илимий иликтөөнү караңыз: Баскаков Н.А. Русские фамилии тюркского происхождения / Отв. ред. Э.Р.Тенишев; Институт языкознания АН СССР. – М.: ГЛВР Наука, 1979. – 279 с. (https://www.calameo.com/read/003891456306154af2ea6); Баскаков Н.А. Русские фамилии тюркского происхождения / Отв. ред. Э.Р.Тенишев. — Бакы: Jазычы, 1992. — 280 с.).

Сергей Эйзенштейндин "Иван Грозный" тасмасынан кадр
Сергей Эйзенштейндин "Иван Грозный" көркөм тасмасынан бир кадр.

Московиянын мурдагы башкаруучу сулалесинен чыккан падыша Иван Грозныйдын өзү деле татарларга жээн болгон делет. Бул падышанын энеси Елена Глинская айтылуу Мамайдын Литвада калган төбөл урпактарынан болгон деген санжыралык маалымат бар (“беделге зыян келтирчү” бул маалыматты Орусияда расмий түрдө четке кагып келишкен).

Ал түгүл Пётр Биринчини да чокунган татарлардын жээни болгон деген жоромол таркап келет.

Ошондой жоромолдордун бирине караганда, Пётр Биринчинин энеси (Московия падышасы Алексейдин канышасы) Наталья Нарышкинанын атасы Кирилл Нарышкин теги жагынан кырым татарларынан чыккан делет. XV кылымда Московияга келип туруп калган Мордка Кубрат деген төбөл – орусташкан Нарышкиндердин бабасы болгон. Анын каймана аты “Нарышко” болгон экен. (Аны кырымдык караимдерден болгон деген да божомол бар).

Ал эми Натальянын энеси Анна Леонтьеванын атасы (б.а. Натальянын таятасы) болсо өз теги жагынан татарлардын мурза Абатур деген төбөлүнүн урпактарынан эле. Анна Леонтьеванын таялары поляк тегиндеги Раевскийлердин үй-бүлөсүнөн чыккан, делет.

(Караңыз: Берёзина, Марина. Кем была мать Петра I: русская царица Наталья Нарышкина // dzen.ru . 27.11.2021. )

“Алтын Ордонун Кырым улусу. Жок болгон ири дөөлөттүн мурасы" көргөзмөсүнөн. Украина. 26.1.2017.
“Алтын Ордонун Кырым улусу. Жок болгон ири дөөлөттүн мурасы" көргөзмөсүнөн. Акмечит (Aqmescit, орусча Симферополь) шаары. Кырым, Украина. 26.1.2017.

Ногой төбөлү Урустун урпагы

Ал эми Пётр Биринчи кол койгон жарлыкка ылайык Пётр Толстой тарабынан саналып өткөн Европага сапарга чыккан төбөлдөрдүн тизмесиндеги князь Урусовдун теги ким болгон?

Жалпы Урусовдордун ата-бабалары мурдагы Кыпчак талаанын бир өңүрүн жердеген түрк тилдүү көчмөн ногойлордон чыккан. Алардын көөнө теги Алтын Ордодогу кубаттуу бек жана колбашчылардын биринен болгон Эдигей Маңгытка барып такалат.

Ногойлордун төбөлү (беги) Эдигей Маңгыт өз кошууну менен 1399-жылы 12-августта литвалык князь Витовттун жана литвалыктарга баш калкалап качкан Алтын Ордонун мурдагы ханы Токтомуштун аскерлерин Днепрге жакын Ворскла өзөнүнүн жанында талкалаган жана качып жөнөгөн калган-каткан душманын Киевден ары кубалап барган. Ал кезде Эдигей Маңгыт Алтын Ордонун жаңы ханы Тимур Кутлукка кызмат кылып жаткан.

Эдигей Маңгыт 1407-жылы Маскөөнү камалаган. Кийинчерээк ногой татарларынын улусун башкарып калган. XV кылымдын соңунда, Эдигейдин небереси Муса-Мурза Аказбек (Нураддин) уулу Ногой улусун “бектердин беги” катары бийлеп турган.

Муса-Мурзанын бек катары бийлиги маалында, көчмөн өзбектердин ханы Абулхайыр хандын урпактарынын тушунда, ногойлордун улусу иш жүзүндө өз алдынча Ногой Ордосу деген мамлекетке айланган. (Эмир Темир деле өзүн хан деп жарыялабасан туруп, өкүмдарга айлнат эмеспи).

Айтор, Московиянын падышасы Иван Үчүнчү менен дурус ымалада болгон Муса-Мурзанын Измаил, Юсуф, Урус сыяктуу айрым урпактары кийинчерээк Московия падышалыгындагы Измайлов, Юсупов, Урусов сыяктуу терең тамыр жайып кеткен орусташкан ногой княздардын ата-тегинен болуп калышкан.

Кийин князь даражасын алган Урус бек, маселен, Иван Төртүнчү Грозныйдын тушунда Московияга көчүп келген жана падыша Борис Годуновдун тушунда, 1600-жылы, Касымов шаарын бул падышадан белекке алган.

Урустун айрым урпактары христиан динине өтүп, ысымдарын алмаштырган. Мисалы, анын уулу Ак-Арсландын баласы Урак кийин Пётр Арсланович болуп калган, Зарбек – Александр Арсланович болуп калган, Янсох – Иван Арсланович болуп калган.

Урустун дагы бир баласы Сатыйдын улуу уулу Касым-Мурза (1590—1647) – чокунган соң князь Андрей Сатыевич Урусов болуп калган.

Князь Андрей (Касым-Мурза) Урусовдун бир уулу – московиялык колбашчы жана князь Семён Андреевич Урусов (1610—1657) болгон.

(Эгерде бүгүнкү саясатчы кыргыз Данияр Үсөнов тегатын Урицкийге айлантса, XV–XIX кылымдарда нечендеген кыпчак, татар, ногой, башкыр, алтайлык, саха ж.б. боордоштордун далайлары өз атын гана орусчага алмаштырып, тегатын сактай беришкен).

Ногой тектүү Семён Урусовдун Никита деген уулунан бир небереси – князь Иван Никитич, ошентип, 1698-жылы Пераст шаарына кеме куруу өнөрүн окууга келгендердин арасында болуп калган.

Марко Мартиновичтин 1697–98-жж. дарсынын орусча котормосунун кол жазмасындагы кеме (фрегата).
Марко Мартиновичтин 1697–98-жж. дарсынын орусча котормосунун кол жазмасындагы аскер кемесинин (фрегата) чийме сүрөтү..

Московия ак сөөктөрү окууну эс алуу менен айкалыштырышкан

Московиялык ак сөөктөргө Европадагы өлкөлөргө жөнөөр алдында Пётр Биринчинин жарлыгына ылайык берилген тапшырмалардын арасында деңизчиге керектүү карталарды, компас жана чиймелерди өздөштүрүү, кемени согуштук кырдаалда да, тынч маалда да башкаруу ыкмаларын үйрөнүү, учуру келсе, деңиздеги салгылашууларга күбө катары катышып, өз көзү менен тажрыйба алууга умтулуу, кеме куруунун ыкмаларын өздөштүрүү, ж.б. бар болчу.

Граф Пётр Толстойдун саякатнаамасына караганда, ал 1697-жылы саякатка чыгып, Европа өлкөлөрүн, Венеция Республикасын жана ага чектеш Дубровник сыяктуу башка аймактарды кыдырган. Ал Черногориядагы Пераст шаарында кийинки жылы – 1698-жылы 11–19-июнда гана болгон. Демек, мында сабак алуу үчүн анын бир апта гана убакты болгон, анын айрым сааттарын Котор булуңундагы жерлерди кезүүлөр менен айкалыштырган.

(Демек, Московия ак сөөктөрү кеме өнөрүн окуткан мектепте бир нече айлап жатып албастан, башка жайларды дагы кыдырышкан; балким, алар айрым саякат мерчемдерине топ-топ болуп да жүрүшпөсө керек).

Муну граф Пётр Толстойдун өзүнүн эскерүүсүнөн аңдай алабыз (74-барак):

Июня в 11 день. На первом часу дни поехали мы каналом от города Коштелново. <…> Того ж числа в 6-м часу дня приплыли мы к местечку, которое называется Пераста, то местечко Венецкой державы; живут в том местечке герваты: капитаны морские, и астрономы, и маринары; домы имеют строения каменнаго и садов имеют много. От того местечка Перасты в 15 верстах и ближе городы и деревни турецкие. То местечко Пераста сидит между высоких гор при самом канале моря. В том местечке стоял я июня до 19-го числа. От города Каштелново до Перасты 18 миль италиянских.

То местечко Пераста в княжестве Албанском, и есть в нем много сербов, которые суть веры греческой; однако ж в том местечке Перасте церкви греческой нет, а есть церкви греческие по селам около того местечка не в далных местех, в которых селах живут сербы греческой веры. А те сербы под державою Венецкою, недавно избежали от рук проклятых бусорман, от державы турецкаго салтана и живут смежно с турецкими городами и з деревнями. Те сербы — люди военные, подобятся во всем донским казакам, говорят все словенским языком, платье носят герватцкое.”

Булак:

https://ru.wikisource.org/wiki/Путешествие_стольника_П._А._Толстого_по_Европе_(1697-1699)_(Толстой)

“11-июнь күнү (1698-жыл. – Т.Ч.). Түштө саат бирде Каштелново (б.а. Херцег-Нови шаары; мындагы “каштел” сөзү “сепил”, “чеп” маанисин берет. – Т.Ч.) шаарынан канал (б.а. Адриат деңизинин Котор булуңу; аны граф П.Толстой канал катары аңдап алган. – ТЧ) аркылуу жөнөдүк... Ошол эле күнү күндүзгү саат алтыда Венеция мамлекетине таандык Пераст деген шаарчага сүзүп жеттик; Ал жерде герваттар (хорваттар, тактап кайтканда, азыркы черногорлор. – Т.Ч.): деңиз капитандары, астрономдор жана маринарлар (деңизчилер) жашашат; үйлөрү таштан курулган жана көптөгөн бакчалар бар. Ошол Пераст шаарынан 15 чакырымдай жана андан да жакыныраак аралыкта түрк шаарлары жана кыштактары жайгашкан. Бул Пераст шаарчасы бийик тоолор арасында деңиз каналынын (булуңунун. – Т.Ч.) жээгинде жайгашкан. Мен ал шаарчада 19-июнга чейин болдум. Каштелново шаарынан Перастка чейинки аралык – 18 италиялык милге туура келет.

Ал Пераст шаарчасы Албания княздыгында (төмөндө бул сөзгө тактоо бар. – Т.Ч.) жайгашкан жана ал (шаарда) грек ишениминдеги (б.а. ортодокс христиандык. – Т.Ч.) көптөгөн сербдер бар; бирок дал ошол Пераст шаарында эч бир грек чиркөөсү жок, бирок ошол шаарчага жакыныраактагы грек ишениминдеги сербдер байырлаган кыштактарда грек чиркөөлөрү бар. Мындагы сербдер Венеция мамлекетинин үстөмдүгү астында жашашат. Алар жакында эле кудайдын каарына калган мусулмандардын – түрк султанынын мамлекетинин – кол астында калып кала жаздашкан. Алар түрк шаарлары жана кыштактары менен аралашып (б.а. чектеш) жашашат. Бул сербдер – согушка жөндөмдүү кишилер. Алар бардык жагынан дон казактарына окшоп кетишет. Алардын бардыгы славян тилинде сүйлөшөт, хорваттардын көйнөктөрүн (б.а. кийим-кечегин. – Т.Ч.) кийишет”.

(Мында “Албан княздыгы” деген сөзгө тактоо киргизүү керек. XV кылымда чакан Албания падышалыгы Осмон султандыгына баш ийип, хорваттардын Дубровник өлкөсү сыяктуу эле түрктөргө салык төлөп калган, бирок Черногориянын граф Пётр Толстой барган Пераст сыяктуу Котор булуңундагы жана башка бир катар шаарлары Венеция Республикасынын карамагында кала беришкен. Ал эми черногорлордун айрым топторун дон казактарына окшоштурган мисалга келсек, анын кызыктуу бир мааниси бар: ошол кездеги Дон, Кубан жана башка аймактардагы казак орустар Московияга эч баш ийген эмес).

Марко Мартиновичтин 1697–98-жж. дарсынын орусча котормосунун кол жазмасындагы барак.
Марко Мартиновичтин 1697–98-жж. дарсынын орусча котормосунун кол жазмасындагы барак.

Граф Пётр Толстойдун күндөлүгүндөгү жол сапарын иликтөөдөн айгинеленгендей, алыстан келген ак сөөк тукумунан болгон соң, орус дворяндар окуучунун отургучуна байланып отуруп калбастан, ара-чолодо ар күнү Котор булуңунун аркы-берки жагына саякат жасашкан.

Арийне, Пераст шаарындагы кеме таануу боюнча дарс изсиз калган эмес.

Мартиновичтин 1697–1698-жылдардагы московиялыктарга берген сабагынын орчун тексти жазылып алынган, болгондо да, жөн кагазга эмес, өтө баалуу пергаменге сулуу кат менен шурудай тизилип жазылган. Кеме түрлөрүнүн түстүү сүрөттөрү менен жабдылган бул кол жазма китеп Московияга алынып келинген. Азыр ал Орусиянын Улуттук китепканасында сары майдай сакталып турат.

25 барактан турган бул көзгө басар кол жазманы азыркы окурмандар интернеттен эле өз алдынча окуй алышат жана түстүү сүрөттөрүн көрө алышат:

Марко Мартиновичтин 1697–98-жж. дарсынын орусча котормосунун кол жазмасындагы барак.
Марко Мартиновичтин дарсынын орус тилиндеги котормосунун кол жазмасындагы чоң согуш кемеси тууралуу барак. 1698.

Жасалма аралдагы чиркөөдөгү баалуу сүрөт

Жогоруда Пераст шаарынын калайыгы атайын жасалма арал куруп, анда чиркөөнүн имаратын эки ирет тургузгандыгы жөнүндө учкай айттык.

Ыйык Марияга арналган жана “Кудайдын Энесинин аскадагы чиркөөсү” (“Црква Госпа од Шкрпјела”) деп аталган бул чиркөөдө өтө кызыктуу тарыхый артефакт бар.

Ал – кеме таануу устаты Марко Мартиновичтин московиялык айрым ак сөөк окуучуларына сабак өтүп жана баарлашып жаткан учуру тартылган боёк сүрөт.

Марко Мартинович 1697–98-жж. московиялык ак сөөктөр менен.
М.Мартинович 1697–1698-жж. московиялыктар үчүн согуштук кемелерди куруу боюнча дарстар окуган. Бул боёк сүрөт Пераст шаарынын жанындагы аралдагы “Кудайдын Энесинин аскадагы чиркөөсү” деп аталган чиркөөдө сакталып турат.

2004-жылы май айында эл аралык медиа жыйынынын катышуучулары бул аралдагы чиркөөнү кездик. Орусиянын Алтай чөлкөмүнөн келип, Пераст шаарында байырлап калган бир орус жигит туристтерге ар кыл сүрөттөр тууралуу баяндап жатып:

– Эми өтө маанилүү бир боёк сүрөттү көрсөтөйүн! – деди.

Ал Мартинович жана анын кеме таануу жаатындагы дарстарын уккан орус төбөлдөрү жөнүндө кызыктуу баяндап келип:

– Бир нерсени байкадыңыздарбы? – деп сурады.

Бардыгы тең эле ага эч жооп узата албай таңыркап карап калышты.

– Мындагы московиялык коноктордун кийимдерин караңыздар жана алардын кебете-кешпирин көрсөңүздөр. Алардын айрымдары монгол сымак (монголоид) түспөлдө болуп турбайбы! – деди алиги жол көрсөткүч сөзмөр жигит.

“Опе-ей!!!” деп коноктор кайрадан бул боёк сүрөткө жанталаша тигилип калышты. Анын сөзүн укпай саал мурдараак четке басып кеткендер да кайра келип боёк сүрөткө кызыга кадалышты.

Балким, Иван Урусов да бул сүрөттө бардыр?

Орустарда: “орустун терисин сыйрысаң, астынан татар (териси) чыгат” (“Поскреби русского — найдешь татарина”) деген накыл кеп бар. Аны тарыхчы Николай Карамзин (1766–1826) да колдонгон. Айтмакчы, бул чыгаан орус тарыхчысынын өзүнүн ата-теги Кара-Мурза деген татарга барып такалат. Мындагы “мурза” сөзү орусча “князь” сөзүнө, кыргызча “бек”, “бий” сөзүнө маанилеш болгон.

Ал эми Пераст шаарынын жанындагы аралдагы чиркөөдө сакталып келе жаткан боёк сүрөт – ошол XVII кылымдын этегинде (1698-жылы) тартылган. Ал сүрөттү тарткан өнөрпоз эч кандай идеологиялык (анын ичинде расачыл) чектөөлөрсүз эле московиялык конокторду болгонун болгондой тартууга тырышкан деп санайбыз.

Балким, бул сүрөттөгүлөрдүн бири – ногой беги жана князь Урустун урпактарынан болгон князь Иван Никитич Урусовдур?

Жогорудагы маалыматты кайра кайталасак, бул княздын бабабарынын бири – Урус бий ногойлордун Чоң Ордосунун 1578—1590-жылдардагы башчысы болгон. Ал 1587-жылы Московия падышалыгына көз каранды болууга макулдук берген соң, ногойлордун эгеменчил бөлүгү ага каршы көтөрүлүп чыккан. 1590-жылы эгеменчил ногойлор Урусту салгылашууда мерт кылышкан.

Урустун өлүмүнөн бир кылымдан ашуун убакыт өткөн соң, анын бир урпагы Пётр Биринчинин ак сөөктөрүнүн бири катары Черногорияга келген. Бул урпак – Иван Никитич Урусов – орус тилинен тышкары ногой же ага тектеш татар тилин да билгенби, же жокпу, бул жаатта маалымат таба албадык...

Орусиядагы чокунган татарлар (“керәшен татарлары”), Молдова, Украина жана Балкандагы христиан дининдеги гагауздар, Литвадагы иудей дининдеги караимдер деле өз эне тилин сактап кала бергендиги да белгилүү эмеспи.

Жыйынтыктасак, Черногориядагы бул боёк сүрөттү жана андагы кебете-кешпири расалык жактан монгол сымак болгон московиялык ак сөөк өкүлдүн аки-чүкүсүн бир сүйлөм менен түшүндүрүү оңойго турбастыгы ушул блогдогу арбын маалыматтан эле айгинеленет.

Айтор, Московия падышалыгын жана андан кийинки Орусия мамлекетин түптөөдө жана өнүктүрүүдө Евразиядагы көп этностуу, көп расалуу калайык жана бул мамлекеттердин чет өлкөлүк далай өнөктөштөрү гана эмес, душмандары деле салым кошкон. Канчалык бүлөсө, кылыч мизи ошончолук курч болот эмеспи.

Албетте, Эмир Темир Алтын Ордого каршы жортуул жасабай койгондо, же Прут салгылашуусунда Пётрдун айласын кетирген Осмон султандыгынын улуу вазири Балтачы Мехмет паша паракор болбой калганда эмне болмок? деген сыяктуу куру чечендик суроолорду узатуунун эми эч кандай майнабы жок.

Пётрдун улуу реформалары Московия падышалыгын Орусия империясы деңгээлине чыгарган жана анын реформаларын жүргүзүүгө орустар гана эмес, ар кыл башка этностордон куралган элдер да зор үлүш кошкон.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG