Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Аселдин иши боюнча сот башталды

Асел Ногойбаева.

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган Асел Ногойбаеванын иши боюнча Сокулук районунда сот жараяны башталды. Бул тууралуу анын адвокаты Индира Саутова "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, 12-январда алгачкы соттук отурум өтүп, кийинки жараяндар 23-25-26-январга белгиленди. Сот жабык өтүп жатат, айыпталуучу отурумга онлайн катышты. Саутованын божомолунда бир айдын ичинде чечим чыгышы мүмкүн.

Мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилеп салган адамды өмүрүнүн акырына чейин эркиндигинен ажыратууну талап кылып, change.org сайтында кол топтоо башталган.

20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү кармалып, факт боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Үрөй учурган окуядан кийин Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу арыз менен кайрылганы, кийин ага беш жолу коргоо ордери берилгени белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 2023-жылы “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган.

Мындай чечимге каршы апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда каргашалуу окуя болгондон кийин гана, былтыр 27-сентябрда чукул каралып, пробациялык жаза сегиз жылдык абак мөөнөтүнө алмаштырылган.

Судья Токтомаматов президенттин жарлыгы менен 2023-жылы 1-ноябрда кызматтан алынган.

Башкы прокуратура Асел Ногойбаеванын апелляциялык арызын караган үч судьяны жоопко тартуу боюнча Соттордун тартип комиссиясына сунуш берген. Прокуратура апелляциялык арызды кароо мөөнөтү создукканын жүйө келтирген. Тартип комиссиясы үч судьяга тең сөгүш берген. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстандагы пакистандык студенттердин билими боюнча маселе көтөрүлдү