Күрөш: Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

Бишкектеги спорт ордосунда өткөн чемпионатта алгач эркин күрөштөн беттештер өттү. 
74 килограмм салмакта финалда Исламбек Орозбеков (көк формачан) Орозобек Токтомамбетовду (кызыл формачан) жеңип алды. 

Балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөштөн Кыргызстандын чемпиону болду. Ал 65 килограмм салмакта финалдык беттеште дагы бир атактуу балбан Алибек Осмоновду утту. 

8-9-январь күндөрү эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашкан. Анын жыйынтыгында 57 кг салмак ченинде Алмаз Сманбеков, 61 кг Абдумалик Карачов, 65 кг Эрназар Акматалиев, 70 кг Канат Керимбеков, 74 кг Исламбек Орозбеков, 79 кг Адилет Маратбаев, 86 кг Нуртилек Карыпбаев, 92 кг Нурболот Адыл уулу, 97 кг Андрей Аронов, 125 кг Арсланбек Турдубеков биринчи орунду алды.

Азырынча эркин күрөштөн Кыргызстанда Париж Олимпиадасына эч ким жолдомо ала элек. 

Эркин күрөштөн көчүлук балбандар олимпиадага катышуу үчүн 65 килограмм салмакта өтүшкөн. Мында дүйнө чемпионатынын күмүш, коло байгелеринин ээси Эрназар Акматалиев, Будапештте өткөн дүйнө чемпионатында коло байге уткан Тайырбек Жумашбек уулу, Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков, жаштар арасындагы Азия чемпиону Билал Шарипов өңдүү 50дөй балбан күч сынашты.  

10-11-январь күндөрү болсо грек-рим күрөшү боюнча спортчулар килемге чыкты. 

Грек-рим күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Амантур Исмалиов чемпион болду. 

Ал эми 55 кг салмак ченинде Улан Муратбек уулу, 60 кг Акыл Сулайманов, 63 кг Дастан Кадыров, 67 кг Амантур Исмаилов, 72 кг Адилхан Нурланбеков, 77 кг Алибек Бердиев, 82 кг Бекзат Орункул уулу, 87 кг Асан Жанышов, 97 кг Үзүр Жусупбеков, 130 кг Роман Ким чемпион болду.

Грек-рим күрөшүнөн өткөн мелдештерге балбандар Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков катышкан жок. 

97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков Бексултан Махмудов менен күрөшүп, жеңип алды. 

Ушул тапта 2024-жылкы Париж Олимпиадасына Кыргызстандын эсебинде беш жолдомо бар. Былтыр грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова Олимпиадага жолдомо алган. Андан тышкары суучул Денис Петрашов да Жапонияда өткөн Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында Олимпиадага катышууга лицензия уткан.