ЖАК абактарда криминалдык идеологияга каршы иш-чара өткөнүн билдирди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тараткан видеодон алынган сүрөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАК) өлкөдөгү түрмөлөрдө, түзөтүү мекемелеринде жана тергөө абактарында криминалдык идеологияга каршы иш-чаралар өткөрүлгөнүн 11-январда кабарлады.

Мекеменин маалыматында айтылгандай, абактарда күтүүсүз тинтүүлөр жүргүзүлүп, тыюу салынган буюмдарды аныктоо, уюшкан кылмыштуу топтордун түшүнүктөрүн жоюуга багытталган чаралар көрүлүүдө.

9-10-январда түрмө администрациялары айыпталуучу жана соттолгондорго расмий билдирүү тараткан. Анда уюшкан кылмыштуу топ түзүү, ага мүчө болуу “мыйзамдагы ууру” сыяктуу түшүнүктөрдү жайылтууга бөгөт коюлары айтылды. Кылмыштуу топтордун лидерлерин криминалдык статустарынан өз ыктыяры менен баш тартуу, абак тартиптерин так сактоо талап кылынды.

Жаза аткаруу кызматы соттолгон жана айыпталгандарды чагымчыл иштерге алдырбоого жана зарыл болгон учурда түрмө администрацияларына кайрылууну сунуштады.

Өткөн жылдын 31-декабрында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бул жылы дагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш уланарын, эми абактар тартипке салынарын эскерткен.

Былтыр октябрда Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун анабашы аталган Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат аны менен байланышта болгон, кылмыштуу топтун өкүлү деп шек саналган 40тан ашуун адам кармалганын, 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын жарыяланган. Уюшкан кылмыш топторуна тиешеси бар "220дан ашуун мамлекеттик кызматкер аныкталганын, көбү кызматтан алынганын" кабарлаган. (TSh)

Дагы караңыз

ИИМ сексуалдык зомбулук көргөн баланын иши тууралуу маалымат берди