Депутат бир кишини абакта кармоого күнүнө 486 сом кетерин айтты

Кыргызстандагы абактардын бири, иллюстрациялык сүрөт.

Парламент депутаты Арсланбек Малиев өлкөдөгү абактарда соттолгон кишилерди иш менен камсыз кылууну сунуштады. Депутат Жогорку Кеңештин 11-январдагы сессиясында абактарды кыдырып келгенин, аларга мамлекеттен ири каражат бөлүнүп жатканын айтты.

“Бизде абакта 7624 адам абакта жатат. Мамлекеттен ошолорду каржылап жатабыз. Мага берген маалымат боюнча абакта жаткан бир адамга күнүнө 486 сом кетет экен. Бул тейлөөсү менен кошкондогу каражат. Былтыр тамак-ашына эле 318 млн. сом кетиптир. Башка чыгымдарын айтпай эле коелу. Мен Министрлер кабинетине сунуш берем”, - деди депутат.

Эл өкүлү абакта ишканаларды ачып, анда соттолгондор иштеп каражат топтоого шарт түзүп берүү керек деп эсептейт.

Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) маалыматына караганда, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат. ЖАКтын карамагында жалпы 26 мекеме бар.

Алардын ичинде 10 жатак абак, алты тергөө изолятору, 10 түрмө бар. (TSh)

Дагы караңыз

УКМК Фейсбук колдонуучунун үйү тинтилгенин билдирди