Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

УКМК Фейсбук колдонуучунун үйү тинтилгенин билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Фейсбукта чагымчыл материалдарды жарыялаган К.К аттуу жаран аныкталып, "ишине бөгөт коюлганын" 11-январда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта ал кишинин жарандардын жерлиги боюнча чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаганы аныкталып, бөгөт коюлганы белгиленген.

Атайын кызмат 9-январында ал жарандын үйү тинтилип, “аймактар аралык тынчтыкка жана ынтымакка каршы кылмыш жасоодо колдонулган далил буюм катары уюлдук телефону алынды” деп билдирди.

УКМК бул факты боюнча кылмыш иши козголдубу, К.К аттуу жаран кармалдыбы тактаган жок.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG