Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 12-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүн биринчи жарымында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүн экинчи жарымында жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 4…6° болот.