Министрлик өлкөдө бензин, дизелдик май жетиштүү экенин кабарлады

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда бензин менен дизелдик май жетиштүү экенин кабарлады. Министрликтин сайтындагы маалымат боюнча, ушул жылдын 8-январына карата өлкөдө АИ-92 бензиндин бир литринин орточо баасы 63 сом 3 тыйын, дизелдики май 70 сом 9 тыйын болууда.

“Аи-92 бензининин дүйнөдөгү орточо баасы 2024-жылдын 8-январына карата литрине 1,3 доллар же 115,8 сомду түзөт, дүйнөдө дизель майынын орточо баасы литрине 1,25 доллар же 112,2 сом”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан бир жылда болжол менен 1,4 млн тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Суткасына орточо 1781 тонна бензин, 1507 тонна дизель майы колдонулат. (BTo)

Дагы караңыз

Атамбаевдин уулу атасы жакында Кыргызстанга келбей турганын айттыТИМ кыргыз жарандарын Эквадорго барбай турууга чакырды“Баткен” курулуш базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өттүБлинкен Махмуд Аббас менен Батыш Жээкте жолуктуОрусия көчө тазалагандарга муктаж болууда, депутат элди кар күрөөгө чакырды10-январь: Жамгырчиевдин иши, Ташовдун билдирүүсү, Назарбаевдин инисинин 1.5 млрд доллары