Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:37

ТИМ кыргыз жарандарын Эквадорго барбай турууга чакырды


Эквадор.
Эквадор.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Эквадордун борбору Кито шаарында уланып жаткан башаламандыкка байланыштуу кыргызстандыктарды бул өлкөгө азырынча барбай турууну сунуштады.

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигинин маалыматына ылайык, Эквадордо кылмыштуу топтор менен укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Ошондой эле Эквадордо консулдук каттоодо кыргыз жарандары жок.

Эквадордо уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин абактан качып, дайыны чыкпай жатканына байланыштуу 8-январда өлкөдө 60 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү бир канча шаарда, анын ичинен Китодо полициянын кеминде жети кызматкери барымтага алынды.

Эквадордун президенти Даниэль Нобоа 21 кылмыштуу топту террордук жана мыйзамсыз деп атап, “ички куралдуу кагылышуу” режимин жарыялаган жарлык чыгарган.

Жекшемби күнү катуу режимдеги абакта “Чонерос” кылмыштуу тобунун башчысы дайынсыз жоголгон. Фито деген каймана ат менен белгилүү Адольфо Макиас Вильямарды түрмө кызматкерлери эртең менен камерадан таппай калышкан.

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын маселе болсо консулдук департаментине байланышууга чакырды. Байланыш номурлары +996 999 312 002 жана +1 202 256 2924. (BTo)

XS
SM
MD
LG