Кыргызстандын саясий айдыңы дээрлик оппозициясыз калды. Бийликтин көпчүлүк каршылаштары камакта болсо, айрымдарына кылмыш иши козголгон. Дагы бир тобу саясатка аралашуудан карманып турууда. Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы бардык бийликтердин тушунда оппозиция болуп келген. Бирок юрист Нурбек Токтакунов мурдагы оппозициялык ыкмалар тарыхта калышы керек деп эсептейт. Ал өлкөдө жаӊыча иштей турган оппозицияны калыптандыруу зарылдыгын айтууда. Ал эми азыркы бийлик саясатты жыйыштырып, экономикага көңүл бурууну сунуштап жатат.
Жаӊы нук керек
“Прецедент” укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов ушул аталыштагы жаӊы саясий мектепти негиздөө ниетин билдирди. Анын айтымында, оппозиция жаңы башкача форматта иштеп, эл арасында агартуу иштерин жүргүзүшү керек. Токтакунов төңкөрүштү көздөгөн эски форматтагы оппозиция тарыхта эле калышы керек дейт:
“Бизде оппозиция жок экенин түшүнүп туруп, мен атайын оппозицияга кеттим. Парламенттик, системалык деп аталган оппозициянын таасири жок, жарабайт. Анткени бизде президенттик башкаруу болгондуктан, системадан, б.а. парламенттен сыртта турган оппозиция деген жок. Азыркы камакта отурган адамдар – эски саясаттын өкүлдөрү. Алар аянтка элди көп чогултуп, төңкөрүш кылууга же бийликти кандайдыр бир чечимге көндүрүүгө умтулушчу. Оппозиция эл менен биригип, элге жагдайды түшүндүрүү үчүн талдоо жүргүзүшү, коомдук пикирди жаратуу менен элдин колдоосуна ээ болушу керек. Ошондо гана оппозиция бийликтеги топко каршы тура алат. Эски ыкма эми жарабай калды. Үч революция тең ушул ыкма менен өткөрүлүп, эч кандай жыйынтык берген жок. Ушундай ыкма менен бийликке келген оппозиция кайра эле мурункулардын жолоюна түшүп жатат. Андыктан бизге жаӊыча, башка түшүнүктөгү оппозиция керек”.
Токтакуновдун билдиришинче, саясий мектеп алгачкы иштерин баштаган. Мисалы, юрист социалдык тармактарда алгачкы лекцияларын жарыялаган, алардын биринде президент Садыр Жапаровдун жаңы жылдык куттуктоосун комментарийлеген.
Бул куттуктоосунда мамлекет башчысы, "саясатты четке коюп" туруу керек деген пикирин билдирди. Ал Кыргызстандын өткөн жылдагы бир катар жетишкендиктерин санап келип, ошол эле учурда коомду артка тарткан көрүнүштөргө да токтолгон. Анын бири катары мамлекет башчы соңку 30 жылдык тарыхта жалаң саясий окуяларга басым жасап жүрүп, эл мектеп жашындагыларга чейин тегиз саясатташып кеткенин, коомдо кандай маселе жалпы талкууга түшпөсүн, ага түшүнүп-түшүнбөй эле, билип-билбей эле ызы-чуу салган жарандар катмары пайда болгонун белгиледи.
“Тилекке каршы, бул көрүнүш сөз эркиндиги менен алмашып калды. Ал аз келгенсип, аны модага айландырып, "блогермин" деп, биздин калкыбыздын менталитетине туура келбеген пикирин таңуулагандар бар. Албетте, мунун баары билимдин, маданияттын жеткиликтүү болбогонунан, рухий жардылыгыбыздан болуп жатат. 30 жылдан бери саясат деп жүрүп, мамлекетибизди сазга батырыптырбыз. Келиңиздер, эң жок дегенде 10-15 жыл саясатты четке коюп, экономиканы алдыга жылдырып, элдин турмушун жакшыртуу менен алек бололу”,- деп билдирген президент Садыр Жапаров.
“Оппозицияны жашатпайт”
Кыргызстанда оппозициялык уюмдар мурда эле түзүлүп, бирок көпчүлүгү кийинчерээк, анын мүчөлөрүнө ар кандай айып тагылгандан кийин өз ишин токтоткон.
2022-жылы өлкөдө катары менен эки оппозициялык кыймыл түзүлүп, бирок азыркы учурда активдүү иштебей калды. Март айында "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" түзүлгөнү жарыяланса, апрель айында дагы бир ”Коомдук кеңеш” кыймылы пайда болгон. Демократиялык кыймылга ошол учурдагы саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Кеӊешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана бир катар активисттер кирген. Алар өлкөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү талкуулап, бийликтин аракеттерин сындап келген. Жарым жыл өткөндөн кийин бул кыймылдын көпчүлүк мүчөлөрү "Кемпир-Абад" ишине байланыштуу кармалган.
Дагы караңыз HRW уюму Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөгөнүн билдирдиКонституциялык соттун мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулованын айтымында, "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" жоюлуп кеткен жок, бирок кылмыш иштерине байланыштуу кандайдыр бир ишмердигин да жүргүзө албай турат.
“Демократиялык мамлекеттин эң зарыл белгилеринин бири – бул активдүү оппозициянын болуусу. Кыргызстанда мындай кыймыл жок азыр. Албетте, оппозицияга каршы бардык режимдер күрөшүп келген, бирок аны түп тамырынан жок кылып, кандайдыр бир кыймыл түзүүгө да мүмкүнчүлүк бербей, эӊ эле чакан саамалыктарды да чектеп, өтө аша чаап жатат. Бүгүнкү күндө оппозициянын болушуна мүмкүндүк беришпейт. Мисалы, 2020-жылы демократиянын өнүгүшүнө олуттуу коркунуч жаралганын көргөндө, биз бириккен демократиялык кыймыл түзгөн элек. Ошондогу биз болжогон көрүнүштөр эми болуп жатат. Биз демократиялык баалуулуктарды карманган адамдарды топтогон элек. Бирок азыр бул кыймылдын көпчүлүк мүчөлөрү камакта отурат. Баарыбыз коркунучтуу абалда калгандыктан, ишмердигибизди убактылуу токтоттук. Бирок мунун баары убактылуу экенине ишенем. Эртеби кечпи, баарыбыз ишти жандандырып, бириге турган күн келет”.
Сооронкулова бийлик “муунта” берсе, оппозиция ишин көмүскө жүргүзүүгө туура келет да, мунун айынан келечекте бийлик үчүн жана өлкө үчүн чоң коркунуч жаралат дейт. Саясатчы бийлик оппозициянын ачык иштешине кызыкдар болуп, ишмердигине тоскоолдук кылбашы керек деп эсептейт.
“Көмүскө нерселер дайыма бийликке чоң коркунуч жаратат. Ал кандай оппозиция болорун ким билет? Балким, диний, сепаратисттик же экстремисттик багыттагы оппозиция болот? Эгер кырдаал оорлошпой, оппозиция камалбай, куугунтукка кабылбай турарын билсе, албетте, ал тынчтыкты жактайт. Бирок оппозицияга кысым күчөй берсе, анда ал дагы агрессияга ыктап, башка кыйла коркунучтуу ыкмаларга даяр болот”, – деди Сооронкулова.
Оппозиция барбы?
Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова Кыргызстанда оппозиция жок деген пикирге кошулбайт. Анын айтымында, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттеги оппозициялык жаат катары альтернативдүү жолдорду сунуштап турат:
“Президент ушул убакка чейин парламенттеги оппозициялык фракция менен жолукпаганы, албетте, өкүнүчтүү. Бирок ал биздин сүйлөгөндөрүбүздү угуп, көз салып турат деп ойлойм. Оппозиция – бул бийлик жаман деп эле кыйкыра бергендик эмес. Биз мыйзам долбоорлору боюнча позициябызды ачык айтып, өзүбүздүн сунуштарды айтып турабыз. Мындай саясий маданият социалдык чыр-чатактардын алдын алууга өбөлгө түзөт. Ал эми оппозициянын укугун тебелеп, анын ишмердигине бөгөт коюла берсе, демократиялык эӊ жөнөкөй укуктар менен эркиндиктер бузулат. Эгер бизде оппозиция болбосо, бийлик алардын үнүн укпаса, бул коомдогу туруксуздукка, жарандардын кайдыгерлигине алып келиши мүмкүн. Мен бийлик биздин сөздү такыр эле укпай жатат дегенден алысмын. Бизди угуп жатышат. Бирок азыр биздеги оппозиция оор күндөрдү башынан өткөрүп жатат, фракциянын лидери, оппозициянын лидери Адахан Мадумаров камакта отурат. Андыктан бир катар кыйынчылыктар бар. Бирок бул оппозиция жок дегенди билдирбейт, биз иштеп жатабыз”.
Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, 2023-жылдын сентябрь айынан бери камакта отурган Адахан Мадумаров оппозициянын өкүлдөрү куугунтукталып жатканын бир нече жолу айткан. Өткөн жылы ноябрь айында ал абактан кат жолдоп, акыркы камоолорду 1938-жылдагы репрессияга салыштырган. Ал мамлекеттин бүтүндүгүн жана элдин байгер жашоосун ойлогондорду "эл душманы", "чыккынчы" деп каралап жатышканын белгилеген. Учурда Мадумаров өзү эле эмес, анын тарапташтары, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын айрым мүчөлөрү дагы камакта отурушат.
Дагы караңыз Кыргыз оппозициясы: көчө митинги онлайнга оойбу?Ал арада бир катар саясатчылар, активисттер жана серепчилер оппозицияга, жарандык коомго басым болуп жатканын айтса, айрымдары бийлик каршылаштары менен иштешүүгө даяр, ал үчүн иштөө форматын өзгөртүү керек дешет.
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев өлкөдө оппозиция бар, бирок ал башка нукта, кыйла ырааттуу, мазмундуу иш жүргүзүшү керек деп эсептейт. Анын айтымында, учурда бийликти сындаганы үчүн эле өзүн оппозициячыл деп ойлогондор көп.
“Оппозиция сөзсүз керек, бирок ал иштиктүү болушу шарт. Мисалы, азыр бизде президенттик башкаруу болгондуктан, эгер кимдер бирөө парламенттик башкарууну жактап чыкса, анда аны саясий оппозиция деп айтсак болот. Эгер бир адам президенттин кайсы бир тууганы тууралуу маалыматты топтоп алып, ал кайсы бир жакта иштеп жатканын же тендерди утуп алганын айтып чыкса, ал оппозиционер эмес. Бизде азыр оппозиция бар, бирок ал майда иштерге алаксып, принципиалдуу саясий ишмердик менен алектенген жок. Мен президентти жакшы билем, ал саясий оппозиция менен иштешкенге даяр. Бирок ырааттуу иштеген татыктуу оппозиция керек. Ошондуктан жаңы формат зарыл. Эгер бизде олуттуу, фундаменталдуу оппозиция болсо, бийлик алар менен иштешерине көзүм жетип турат”.
Бийлик өлкөдө саясатчылар, активисттер үчүн чектөө жок экенин айтканы менен, эл аралык рейтингдер башка жагдайды көрсөтүүдө. Өткөн жылы март айында Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик – 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга алынып жатканын белгилеген. 2009-жылдан бери Кыргызстан Борбор Азиянын ичиндеги жарым жартылай эркин өлкөлөрдүн катарында болуп келген эле, бирок 2021-жылы эркин эмес өлкөлөрдүн катарына түшүп калган.