Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев атасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жакын арада Кыргызстанга келбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-январда Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.
Депутат социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн коюп 25-январда Кыргызстанда митинг өтөрү тууралуу видео жана сүрөттөр тарап жатканын, бул туура эмес маалымат экенин кабарлады. Сеид Атамбаев атасы дагы деле ден соолугун чыңдап жатканын, азырынча Кыргызстанга келбей турганын айтты.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болгон.
Ушул жана коррупцияга байланыштуу башка да окуялар боюнча бир нече иш козголуп, 2019-жылдан бери камакта отурган Алмазбек Атамбаев 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган. Ошол эле жылдын 15-февралында дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткени айтылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарган. (BTo)
Дагы караңыз
ТИМ кыргыз жарандарын Эквадорго барбай турууга чакырды“Баткен” курулуш базарынын 64,38% акциясы мамлекетке өттүБлинкен Махмуд Аббас менен Батыш Жээкте жолуктуОрусия көчө тазалагандарга муктаж болууда, депутат элди кар күрөөгө чакырды