Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба комитетинин төрага орун басары Светлана Разворотнева өлкөдө көчө тазалагычтар кескин жетишей жатканын айтып, орусиялыктардын өзүлөрүн кар күрөөгө чакырды. Ал бул тууралуу 9-январда “Парламентская газета” басылмасында жарык көргөн маегинде айткан.
“Шаарлардын, калктуу конуштардун тургундары кар катуу жааган кезде колдоруна күрөк алып жардам берсе болот. Менимче, бул таза абада пайдалуу убакыт өткөрүү. Адамдарды бири-бирине жардамдашууга үгүттөп, үйдө отурбай, жалкоолонбой, короо шыпыргычтарга жардам берүүгө чакырышыбыз керек”,-деген Разворотнева.
Анын айтуусуна караганда, жумушчулардын жетишсиздигине Украинадагы согушка мобилизация, коргонуу ишканаларына кадрлардын кетиши, мигранттардын өлкөдөн чыгып кетиши жана демография көйгөйү түрткү болууда. Депутат ошондой эле көчө тазалагычтардын айлыгынын да аздыгын белгиледи.
Орусияда негизинен борбор азиялык мигранттар эмгектенген такси, жыйнап-тазалоо, азык-түлүк, тамак-аш жеткирүү жана башка тейлөө кызматтарында жумушчу күч кескин жетишпей жатканы былтыр күздөн баштап айтылып жатат.
Буга Орусиядан миңдеген мигранттардын чыгып кетиши түрткү болууда.
Дагы караңыз
Москвада “жарым жылаңач” кече өткөрүлгөн клуб үч айга жабылды"Кыргызавтожол" кызматкерлери мамлекетке жети миллион сом төлөдүКазакстанда каракалпак диаспорасынын лидери каза болду